Армения Азербайжандын позицияларына ок атты

Ок атуу тууралуу Азербайжандын Коргоо министрлиги билдирди.

1821636
Армения Азербайжандын позицияларына ок атты

Азербайжандын Коргоо министрлиги Армения армиясынын аскерлери чек арадагы Азербайжан позицияларына ок атканын билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө, кечээ кечинде Басаргечер провинциясынын Юкары Шоржа айылындагы армян позицияларынан Келбежер облусунун Зейлик айылы багытындагы позицияларынын мезгил-мезгили менен аткыланганы билдирилди.

Билдирүүдө Азербайжан армиясынын керектүү чараларды көргөндүгү, персонал жана техникалык жоготуунун болбогону, аймактагы абалдын туруктуу экендиги жана операциялык шарттардын толугу менен азербайжандык аскерлердин көзөмөлүндө экени маалымдалды.

Армения армиясы 1 -  майда да ошол эле багытта ок атышпоо эрежесин бузган.

 



Тектеш кабарлар