Казакстанда кол салууга аракет жасаган тыңчы кармалды

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин билдирүүсүндө, атайын бөлүк тарабынан уюштурулган операциянын алкагында борбор калаа Нур-Султанда тышкы чалгындоо кызматында иштеген Казакстандын жараны кармалганы белгиленди.

1806276
Казакстанда кол салууга  аракет жасаган тыңчы кармалды

Казакстанда президент Касым-Жомарт Токаевге жана башка бир катар жогорку даражалуу мамлекеттик кызматкерлерге кол салуу аракетин пландап жатканы аныкталган тыңчы кармалды.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин билдирүүсүндө, атайын бөлүк тарабынан уюштурулган операциянын алкагында борбор калаа Нур-Султанда тышкы чалгындоо кызматында иштеген Казакстандын жараны кармалганы белгиленди.

Билдирүүдө аталган тыңчы Казакстандын президентине жана башка жогорку даражалуу мамлекеттик аткаминерлерге кол салуудан тышкары, күч түзүмдөрүнө каршы террордук акт уюштурууну пландаганы белгиленип: «Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында чет өлкөдөн чыгарылган снайпердик мылтык менен үн өчүргүч, баңгизат жана ири өлчөмдөгү акча табылган. Курал-жарактар ​​ Казакстанга кесипкөйлүк менен жашырылган бөлүктөр түрүндө алынып келинген»,деген баа берилди.

Билдирүүдө тыңчынын социалдык тармактарда билдирүүлөрдү таратуу менен өлкөдө Орусияга каршы пропаганданы жайылтуу жана коомдо орусияга каршы көз караштарды жаратуу милдетин да аткарганы белгиленип: «Сөз болуп жаткан Казакстандын жараны бул аракеттерди чет мамлекеттин көрсөтмөсү жана кызыкчылыгы үчүн жасаганын алдын ала тергөө учурунда мойнуна алды»,делди.



Тектеш кабарлар