Алиев: «Биз Армения менен тынчтык келишимине кол коюшубуз керек»

Алиев Түштүк Кавказ турнесинин алкагында Азербайжанга барган Польшанын тышкы иштер министри, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) төрагасы Збигнев Рауну кабыл алды.

1805252
Алиев: «Биз Армения менен тынчтык келишимине кол коюшубуз керек»

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Армения менен тез арада тынчтык келишимине кол коюшу керектигин айтты.

Алиев Түштүк Кавказ турнесинин алкагында Азербайжанга барган Польшанын тышкы иштер министри, Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) төрагасы Збигнев Рауну кабыл алды.

Армения менен нормалдашуу процесси тууралуу сөз кылган Алиев, Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишелдин демилгеси менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жаңы жолугушуу өткөрө турганын билдирди.

Азербайжандын президенти Алиев: «Бул жолугушуу жемиштүү болот деп ишенем. Буга чейин биз бир нече жолугушууларды өткөрдүк жана тынчтыкка карай кадам ташташыбыз керек, Армения менен тез арада тынчтык келишимине кол коюшубуз керек. Бул үчүн Азербайжан өзүнүн негизги принциптерин сунуштады»,-деп айтты.

Карабах көйгөйүнүн бүтүп калганын, эми Азербайжан менен Армениянын ортосундагы карым-катнаштарды жөнгө салуу мезгили келгенин белгилеген Алиев: «Армян бийликтеринен белгилүү билдирүүлөрдү алып жатабыз. Мага жакында эле жеткен маалыматка караганда, алар биздин сунушубузду алгылыктуу деп табышууда. Бул абдан жакшы жаңылык жана Брюсселдеги жолугушууда бул маселе такталат деп ишенем»,-деди.

Арменияга тынчтык үчүн сунуштаган 5 принциптин эл аралык укуктун нормаларын жана эл аралык жакшы жүрүм-турумду чагылдырганын баса белгилеген Алиев: «Биз жаңы эч нерсе ойлоп тапкан жокпуз. Бул принциптердин баары кайсы бир мамлекеттердин ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелердин негизги принциптери. Менимче, аймактык бүтүндүктү жана эл аралык чек аралардын кол тийбестигин өз ара таануунун, андан кийин чек араларды демаркациялоонун негизинде Кавказда тынчтык орнойт деп ойлойм. Биз каалаган нерсе ушул.Түштүк Кавказдагы үч өлкөнүн ортосунда активдүү кызматташуунун потенциалын көрүп турабыз жана бул бир гана бул өлкөлөр үчүн эмес, кеңири аймак үчүн да маанилүү болот. Албетте, бул маселелердин баары абдан кылдаттык менен жана өз убагында каралышы керек»,-деп айтты.

Армяндардын Азербайжанда 30 жылдык баскынчылык доорунда келтирген кыйроолору жана аймактагы кен көйгөйү тууралуу Рауга маалымат берген Илхам Алиев, 1-Карабах согушунда 4 миң азербайжандын жоголгондугун жана ушул убакка чейин алардан кабар алынбаганын түшүндүрдү.



Тектеш кабарлар