Эрдоган: «Соода көлөмүндө чекти 10 миллиард долларга чейин көтөрөбүз»

Президент Эрдоган Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий коногу катары жолугушууларды өткөрүү үчүн борбор шаар Ташкентке барды.

1804004
Эрдоган: «Соода көлөмүндө чекти 10 миллиард долларга чейин көтөрөбүз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Türkiye менен Өзбекстандын ортосундагы өткөн жылы 3,6 миллиард доллардан ашкан соода көлөмүн эң кыска убакытта 5 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылгандарын айтты.

Президент Эрдоган Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий коногу катары жолугушууларды өткөрүү үчүн борбор шаар Ташкентке барды.

Эрдоганды Мирзиёев Көк Сарайда расмий азем менен тосуп алды.

Расмий тосуп алуу жана делегациялардын тааныштырылышынан кийин Эрдоган менен Мирзиёев жекеме-жеке жолугушуу өткөрдү.

Эки лидердин жолугушуусу басма сөзгө жабык өттү.

Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңешменин жыйналышынан кийин Türkiye менен Өзбекстандын ортосунда он келишимге кол коюлду. Лидерлер келишимдерге кол коюлган соң биргелешип маалымат жыйын өткөрүштү.

Эрдоган:«Биздин соода көлөмүбүз былтыр 3,6 миллиард доллардан ашты. Эң кыска убакытта 5 миллиард долларга жетебиз деп жатабыз. Ошондо биз муну менен эле токтоп калбай, чекти 10 миллиард долларга чейин көтөрөбүз. Биз бул кадамдардын баарына тыкыр байкоо жүргүзүүнү каалайбыз»,-деди.

«(Мирзиёев менен) Биздин аймактагы окуяларга дагы баа бердик»,-деп айткан Эрдоган: «Алдын ала Рамазан айынын бүткүл Ислам ааламы үчүн берекелүү болушун каалайм»,-деди.



Тектеш кабарлар