Казакстанда «супер-президенттик» башкаруу системасы жоюлууда...

Парламенттин Жалпы жыйынында коомчулукка кайрылуу жасаган Токаев, Казакстандын саясий системасын ар тараптуу жаңылоо үчүн жаңы реформалар пакетин жарыялады.

1796784
Казакстанда «супер-президенттик» башкаруу системасы жоюлууда...

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев анын өлкөсү азыркы «супер-президенттик» башкаруу системасын токтотуп, «күчтүү парламенти бар президенттик системага» өтөөрүн билдирди.

Парламенттин Жалпы жыйынында коомчулукка кайрылуу жасаган Токаев, Казакстандын саясий системасын ар тараптуу жаңылоо үчүн жаңы реформалар пакетин жарыялады.

Токаев реформа биринчи кезекте ырааттуу демократиялаштырууну жана мамлекеттин стабилдүүлүгүн жана башкарылышын камсыз кылууга багытталганын билдирди.

Токаевдин «Жаңы Казакстан» моделин курууну көздөгөн 8 пункттан турган реформа пакетине ылайык, өлкөдөгү азыркы супер-президенттик системага чекит коюлуп, парламенти күчтүү президенттик башкарууга өтөт.

«Күчтүү президент, эффективдүү парламент жана жоопкерчиликтүү өкмөт» принциби алдыңкы планга чыгат.

Президент кызматта турганда саясий партияга мүчө боло албайт. Бул контекстте президент Токаевдин башкаруучу «Аманат» («Нур Отан») партиясынын төрагалык мөөнөтү аяктайт.

Мындан тышкары Борбордук шайлоо комиссиясы, Эсеп палатасы, Конституциялык кеңешме сыяктуу мекемелердин жетекчилери жана мүчөлөрү саясий партияга мүчө боло албайт. Шаар мэрлери жана облус губернаторлору партияларда жогорку кызматтарды ээлей алышпайт.

 

Мыйзам президенттин жакын туугандарынын мамлекеттик жогорку кызматтарга жана жарым-жартылай мамлекеттик ишканалардын жетекчилигине дайындалышына тыюу салат.

Парламенттин жогорку палатасы Сенаттын курамы өзгөрөт. Буга чейин 15 сенатор президент тарабынан дайындалган Сенатта бул сан 10го чейин кыскарат. Алардын бешөөнү Казакстан элинин ассамблеясы сунуштайт. Ошентип, ассамблеянын депутаттарын Парламентке дайындоо функциясы жоюлат.

Парламенттин төмөнкү палатасы гана мыйзамдарды кабыл алуу укугуна ээ болот. Аталган реформа менен парламентте бүтүндөй коомдук катмардын өкүлдөрү болушу үчүн пропорционалдуу өкүлчүлүк системасы колдонулуп, ыйгарым укуктары кеңейтилет.

Шаар мэрлери жана губернаторлукка талапкерлер жергиликтүү кеңеш тарабынан кыйыр шайлоо аркылуу аныкталат.

Абай, Жезказган, Жетису сыяктуу жаңы облустар түзүлөт.

Реформанын күчүнө кириши үчүн жыл аягына чейин 20 мыйзам кабыл алынып, ошол эле учурда Конституциянын 30дан ашык беренесине өзгөртүүлөр киргизилет.



Тектеш кабарлар