Алиев менен Путин жолугушту

Алиевдин сапарынын Орусия менен Азербайжандын ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштын 30 жылдыгынын алдында болгонун эске салган Путин, бүгүн эки өлкөнүн ортосундагы союздук иш-аракеттер тууралуу декларацияга кол коюла турганын айтты.

1783166
Алиев менен Путин жолугушту

Азербайжандын президенти Илхам Алиев расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Орусиянын борбор шаары Москвада президент Владимир Путин менен жолугушту.

Кремль сарайындагы жолугушууда Путин Алиевди коноктогонуна кубанычта экенин билдирип, анын чакыруусун кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Алиевдин сапарынын Орусия менен Азербайжандын ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштын 30 жылдыгынын алдында болгонун эске салган Путин, бүгүн эки өлкөнүн ортосундагы союздук иш-аракеттер тууралуу декларацияга кол коюла турганын айтты.

Путин эки өлкөнүн карым-катнаштарынын өнүгүүсүндө жаңы этап болгон декларациянын толук чечилбесе да чечилүүгө карай жылыш болгон Карабах жаңжалында келип жеткен баскычтан кийин мүмкүн болгонун белгиледи.

Кээ бир пайда болгон көйгөйлөргө карабастан (Карабах маселеси боюнча) бүгүнкү келип жеткен жердин канааттандырарлык экенин белгилеген Путин, кандай болгон күндө да ал жердеги бардык адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу жагынан гана эмес, ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жана транспорттук линиялардын алдындагы тоскоолдуктарды жоюу жагынан да белгилүү бир макулдашууларга жетишилгенин эске салды.

Путин дагы эле пикир келишпестиктер бар экенин жана үстүндө иштей турган көп нерселерди биле турганын айтып: «Биз бул процесс тынчтык жолу менен илгерилөөсү, тынчтык жолу менен өнүгүүсү жана албетте бул процесске катышкан бардык тараптарды канааттандыруу үчүн бардыгын жасайбыз. Орусия жана башка коңшуларыңыз транспорттук линиялар менен катар бардык көйгөйлөрдү чечүүнү жакташат. Анткени муну Азербайжан менен Армения гана эмес, Орусия жана башка бардык коңшуларыңыз да каалашат»,-деди.

Алиевге Украинадагы окуялар тууралуу маалымат берерин белгилеген Путин: «Мен дароо айткым келет, Орусия мурдагы эле императордук чектердин ичинде империяны калыбына келтирет деген божомолдор такыр туура эмес. Советтер Союзу кулагандан кийин Орусия бардык жаңы геосаясий реалдуулуктарды тааныды жана өзүңүздөр билгендей, постсоветтик мейкиндикте пайда болгон бардык өлкөлөр, көз карандысыз мамлекеттер менен байланышыбызды чыңдоого аракеттенүүдөбүз. Өтө татаал маселелерде да, мисалы, Тоолуу Карабах маселесинде бул процесске катышкан бардык мамлекеттердин таламдарына жараша кыймыл кылып, ар дайым абдан кылдаттык менен иш алып бардык жана ар дайым өз ара алгылыктуу чечимдерге жетишүүгө аракет кылдык»,-деп айтты.

2013-жылы Украинадагы нааразылык демонстрацияларынын натыйжасында болгон бийлик алмашууну «төңкөрүш» деп мүнөздөгөн Путин: «Биз баардык коңшуларыбыз менен мамилебизди жакшырткыбыз келет. Украинада абал башкача. Тилекке каршы, бул өлкөнүн аймагын үчүнчү өлкөлөр Орусияга коркунуч туудуруу үчүн пайдаланып жатат. Болгону ушундай»,-деп айтты.

Алиев да чакыруусу үчүн Путинге ыраазычылык билдирип, аны менен тез-тез жолугушкандарын жана мунун Азербайжан менен Орусиянын ортосундагы карым-катнаштардын динамикалуу өнүгүп жатканынын көрсөткүчү экенин белгиледи.

Бүгүн кол кое турган союздук иш-аракеттерге байланыштуу декларациянын эки өлкөнүн карым-катнаштарына да, аймактык коопсуздукка да оң салым кошоорун билдирген Алиев, Орусия менен бир нече жылдардан бери түзүлгөн достук жана жакшы коңшулук карым-катнаштарды жогору баалагандарын белгиледи.

Өлкөсү менен Орусиянын ортосундагы соода карым-катнаштарынын оң өнүккөндүгүн белгилеген Алиев: «Орусия Армения менен Азербайжандын ортосундагы согушту токтотууда маанилүү роль ойноду. Бүгүнкү күндө Армения менен Азербайжандын ортосундагы нормалдашууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүү процессинде Орусия да маанилүү роль ойноп жатат. Биз муну жогору баалайбыз. Армения дагы биз сыяктуу 2020-жылдын ноябрь айында кол коюлган үч тараптуу декларациянын беренелерин ишке ашырат деп үмүттөнөм»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар