Илхам Алиев Шуша декларациясын бекитти

Азербайжан президентигинен берилген маалыматка караганда Алиев Түркия менен Азербайжандын ортосунда союздаштык карым -  катнаштары тууралуу Шуша декларациясынын бекитилишине карата чечимге кол койду.

1777516
Илхам Алиев Шуша декларациясын бекитти

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Азербайжан Улуттук Парламентинде кабыл алынган жана күчүнө кирген Шуша декларациясын бекитти.

Азербайжан президентигинен берилген маалыматка караганда Алиев Түркия менен Азербайжандын ортосунда союздаштык карым -  катнаштары тууралуу Шуша декларациясынын бекитилишине карата чечимге кол койду.

Президент Р. Т. Эрдоган да кечээ Түркия Улуттук Парламентинин Жалпы Кеңешинде кабыл алынып күчүнө киргизилген Шуша декларациясы Расмий гезитте жарыяланып ишке кириши үчүн президенттик чечимине кол койду.

Эрдоган менен Алиевдин 2021 - жылы 15 - июнда Шуша шаарында кол койгон Шуша декларациясы Түркия менен Азербайжан карым - катнаштарынын расмий союздаштык деңгээлине чыгарылышын күтүүдө.

Армениянын Түркияга каршы негизсиз сөздөрүнүн, тарыхты бурмалоо аракеттеринин аймакта тынчтык жана туруктуулукка зыян келтиргендиги баса белгиленген декларацияда Түркия менен Азербайжанды бириктирген Зенгезур коридорунун ачылышы жана Нахчыван - Карс темир жолунун, карым- катнаштардын бекемделишине салым кошору белгиленүүдө.

Тараптар Түркия - Азербайжан карым - катнаштарын мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү перспективаларынын бардык аспектилерин карап чыгышкан Шуша декларациясында Азербайжандын Армениянын 30 жылдан бери уланып келе жаткан агрессиясын токтотууда жана  басып алынган жерлердин бошотулушунда Түркиянын колдоосуна абдан жогору баа бергендиги белгиленди.

Оккупациядан бошотулган жерлерде Түркия - Россия биргелешкен борборунун жүргүзгөн иштерине Түркиянын кошкон салымынын маанилүү роль ойногонуна басым жасалган декларацияда Түркия менен Азербайжандын аймактык жана глобалдык коопсуздук жана туруктуулук маселелеринин чечилишине карата бирдикте аракет кылышары, тараптардан бирөөсүнүн көз карандысызыдыгына же жеринин бүтүндүгүнө үчүнчү бир мамлекет тарабынан коркунуч келип же кол салуу боло турган болсо тараптардын бири бирине керектүү жардамды беришери баса белгиленген.

Тараптардын эки мамлекеттин ортосунда өнүктүрүлгөн жана алардын кызыкчылыктарына ылайык аскердик - саясий кызматташуунун үчүнчү мамлекеттерге каршы эмес экендиги белгиленген декларацияда тараптардын өзгөчө террор, уюмдашкан кылмыш, банги аткезчилиги, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөштө биргелешкен аракеттерди жана кызматташтыкты кеңейте турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар