Айыл чарба министри Пакдемирли Өзбекстанда

Айыл чарба жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли Ташкентте Өзбекстандын айыл чарба министри Жемшид Ходжаев менен жолугушту.

1776139
Айыл чарба министри Пакдемирли Өзбекстанда

Айыл чарба жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли Ташкенттеги жолугушууларынын алкагында Өзбекстандын айыл чарба министри Жамшид Ходжаев менен жолугушту.

Түркиянын Ташкенттеги элчиси Олган Бекар да катышкан жыйында сөз сүйлөгөн Пакдемирли чоң делегация менен жасаган бул сапардын көптөн бери пландалган жана азыртадан натыйжалары көрүнө баштаган эң жемиштүү сапарлардын бири болгонун белгиледи.

Түркиянын топурак ресурстары боюнча дүйнөдө 30-орунда болсо да, айыл чарбасында дүйнөдө алдыңкы 10 өлкөнүн арасына бараткан өлкө экенин эске салган Пакдемирли, маанилүү деп эсептеген бул жетишкендиктерди дос жана бир тууган Өзбекстан менен бөлүшкүсү келгендерин айтты.

Айыл чарба тармагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында бизнес план жана өз ара маалымат алмашуу үчүн иш-аракет планын түзүшкөндөрүн баса белгилеген Пакдемирли, топурак ресурстарынын түшүмдүүлүгүн арттыруу үчүн биргелешип иштөө боюнча макулдашканын билдирди.

Өзбекстанга илим жана технология тармагында колдоо көрсөтүү үчүн Айыл чарба изилдөөлөр башкы директорлугунун кеңсесин түзүүнү чечкендерин билдирген Пакдемирли, кургакчылыкка чыдамдуу түрлөрдүн өстүрүлүшү жана Өзбекстанда фермерди колдоо системасын ишке ашыруу боюнча тажрыйбаларын өзбек тарапка жеткирүүнү каалашкандарын баса белгиледи.

Өзбекстанда биринчи жолу токой чарбасы тармагында питомник курууну жана өлкөдө окуу борборун түзүүнү каалашкандарын белгилеген Пакдемирли Түркиянын айыл чарба сугат системалары жана дамба куруу боюнча тажрыйбаларын өзбек тарап менен бөлүшкүсү келгендерин айтты.

Ходжаев ошондой эле Түркия менен айыл чарба тармагында үч темада кызматташууну жана алардын тажрыйбаларынан пайдаланууну каалашкандарын баса белгиледи.

Жолугушуудан кийин Түркия менен Өзбекстандын айыл чарба тармагындагы стратегиялык кызматташтыгы боюнча иш-чаралар планы, Түркиянын Айыл чарба жана токой чарба министрлиги менен Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинин ортосунда айыл чарба изилдөөлөр тармагындагы кызматташуу тууралуу жакшы ниет декларациясы жана Түркия-Өзбекстан айыл чарба аткаруу комитетинин 3-мөөнөттүк жыйналышынын протоколуна кол коюлду.



Тектеш кабарлар