ТКТРнын Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугу жана Грецияга каршы чыгуусу...

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта өлкөнүн аралга байланыштуу темаларда Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугу менен кызматташууга оң көз карашы бар экени жана мунун ар жолу билдирилгени белгиленди.

1775270
ТКТРнын Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугу жана Грецияга каршы чыгуусу...

Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР), Европа Биримдигине (ЕБ) мүчөлүгүн өз кызыкчылыгына колдонууну адатка айландырган Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугу  менен Грециянын, атүгүл иммигранттардын өлүмүнө алып келген адамкерчиликсиз аракеттерин жаап-жашыруу үчүн Түндүк Кипр Түрк Республикасына жана Түркияга карата айыптоолору кабыл алынгыс экенин билдирди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта өлкөнүн аралга байланыштуу темаларда Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугу менен кызматташууга оң көз карашы бар экени жана мунун ар жолу билдирилгени белгиленди.

Билдирүүдө,«Биз орток ээси болгон Кипр аралына таасир эткен эл аралык көрүнүшкө айланган тартипсиз миграция маселеси боюнча Кипрдин Рум тарабы менен кызматташууну түзүү сунушун киргизгенибизди эскерткибиз жана бул сунуш дагы эле үстөлдө экенин дагы бир жолу кайталагыбыз келет»,делди.

Рум тараптын Түндүк Кипр Түрк Республикасы тарабынан жасалган бардык кызматташтык сунуштарын четке какканы баса белгиленген билдирүүдө, румдардын да ТКТР жана негизги мекен Түркияга каршы негизсиз дооматтарды айтканы баса белгиленди.

Билдирүүдө жогоруда айтылган негизсиз дооматтардын акыркы мисалы катары Европа Биримдигинин ички иштер министрлеринин Францияда болгон расмий эмес жыйынында Түштүк Кипр Рум башкаруучулугунун ички иштер министри Никос Нуристин сүйлөгөн сөзү экени эске салынып: «Европа Биримдигине мүчөлүгүн колдонууну адатка айландырган Түштүк Кипр Рум башкаруучулугу менен Грециянын иммигранттарга карата өлүмгө алып келген адамкерчиликсиз иштерин жаап-жашыруу үчүн өлкөбүзгө жана Түркия Республикасына карата айыптоолору кабыл алынгыс. Грециянын жээк коопсуздугу өлкөлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон иммигранттарды деңизде кайра түрктөнү жана Түркиянын Жээк коопсуздугу тарабынан көп жолу иммигранттардын куткарылганы басма сөздө да орун алды»,-деп айтылган.

Билдирүүдө, Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугунун иммигранттарга тоскоол болушунан улам бир адамдын деңизде жоголушу Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриштин январь айында жарыяланган БУУнун Тынчтык Күчтөрүнүн отчетунда да орун алганы белгиленди.

Билдирүүдө, «ТКТР катары ар дайымкыдай конструктивдүү жана диалогго ачык экенибизди дагы бир жолу баса белгилейбиз, ушул себептен улам мыйзамсыз миграция боюнча кызматташуу сунушубузду кайра эскертебиз»,делди.



Тектеш кабарлар