Алиев - Пашинян сүйлөшүүсү
Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер - министри Никол Пашинян видеоконференция аркылуу жыйын өткөрдү.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер - министри Никол Пашинян видеоконференция аркылуу жыйын өткөрдү.
Лидерлер Азербайжан - Армения карым - катнаштарынын нормалдашуусун кенен түрдө карап чыгышты. Жыйында гуманитардык маселелер, чектөө жана чек араны белгилөө маселелери талкууланды.
Жыйында Алиев Биринчи Карабах согушунда (1988 - жылдын февраль айы жана 1994 - жылдын май айлары) дайынсыз жоголгон 3890 жарандын тагдырынын аныкталышы жана массалык көрүстөндөрдүн табылышына көңүл бурду.
Кургак жана темир жолу менен транспорттук коридорун ачуунун зарылдыгын баса белгилеген Алиев 2 - Карабх жеңиши (2020 - жыл 27-сентябрь – 10-ноябрь) менен армян оккупациясынан бошотулган жерлерди миналардан тазалоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.