Кыргызстан менен Тажикстан ок атышууну толук токтотуу боюнча макулдашты

Сүйлөшүүгө Кыргызстандын  Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Абдикарим Алимбаев, Кыргызстандын Баткен облусундагы чек ара өкүлү Кялбек Төлөнбев, Тажикстан Согди облусунун губернатору Раджаб Ахматзода, Тажикстандын чек ара өкүлү Хикматулло Пиракзода

1769571
Кыргызстан менен Тажикстан  ок атышууну толук токтотуу боюнча макулдашты

Кыргызстан менен Тажикстан чек арада ок атышууну толук токтотуу боюнча макулдашты.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз борборунун билдирүүсүндө, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында чек арада ок атышууну толук токтотуу боюнча макулдашууга жетишилгени маалымдалды. 

Тараптардын чек арага барган кошумча күч жана унаалардын турукту жайгашуу жерлерине кайтышы, Баткен  - Исфана кургактык жолунун унааларга ачылышы, кагылышууну алдына алуу үчүн Кыргызстан жана Тажикстан укук коргоо органдары  тарабынан чек арадагы аймактарда биргелеше күзөткө туруу чечими чыгарылды. 

Чек ара аймагында болгон сүйлөшүүгө Кыргызстандын  Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Абдикарим Алимбаев, Кыргызстандын Баткен облусундагы чек ара өкүлү Кыялбек Төлөнбев, Тажикстан Согди облусунун губернатору Раджаб Ахматзода, Тажикстандын чек ара өкүлү Хикматулло Пиракзода менен бирге коопсуздук бөлүгүнүн өкүлдөрү катышты. 

Кечээ эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чыккан араздашуу чек араны коргогон аскерлердин ортосунда кагылышууга айланды.

 

 



Тектеш кабарлар