Эрсин Татар:«Биз Кипрдин Рум тарабын дагы бир жолу акыл эстүүлүккө чакырабыз»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар Кипр Түрк агенттигине (TAK) маек берди.

1768991
Эрсин Татар:«Биз  Кипрдин Рум тарабын дагы бир жолу акыл эстүүлүккө чакырабыз»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар, Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугунун (ТКРБ) Рум Улуттук гвардиясынын (RMMO) ракетадан коргонуу системаларын күчтөндүрүү аракетинин тынчтыкка кызмат кылбай турганын жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинде чыңалууну арттыра турганын айтып эскертти.

Президент Татар, Кипр Түрк агенттигине (TAK) берген магеинде Рум тараптын бул кадамдарын Түндүк Кипр Түрк Республикасы катары абдан ыңгайсыздык жана тынчсыздануу менен байкап жатышканын билдирип: «Биз Кипрдин Рум тарабын дагы бир жолу акыл эстүүлүккө чакырабыз»,-деди.

Өткөн жумада жикчил террор уюму ПКК/ПЙДнын Рум тарапка жайгаштырылышына уруксат берилип, иш-аракеттерин мыйзамдаштыргандан кийин эми ракета системаларынын күчтөндүрүлө турганы кабарынын күчөгөнүнө көңүл бурган Татар, булардын Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги чыңалуунун көбөйүшүнө себеп болгонун баса белгиледи.

 Эрсин Татар: «Биз ТКТР катары муну абдан ыңгайсыздык жана тынчсыздануу менен көрүп жатабыз. Бул демилгелер тынчтыкка кызмат кылбайт»,-деди.

Мындай окуяларга Түркиянын да реакция кылганына көңүл бурган Татар Рум тарапты акылдуу болууга чакырды.

Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги тең салмактуулуктарга көңүлдөрдү буруп, өткөндөн бери келген кээ бир түшүнүктөр жана келишимдер бар экенин белгилеген Татар: «Түркия Республикасы Кипрдин кепил өлкөсү. Кепил өлкө катары Түркия Республикасынын да айта турган сөзү жана жасай тургандары бар, айтууга укугу бар. Түркия Республикасы, сөзсүз бул темада да  ар дайымкыдай Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги Түркиянын жана Кипр түрк элинин укуктарын жана таламдарын коргоого чечкиндүүлүгүн көрсөтөт. Тынчтыкты улантууга жана чыңалууну басаңдатууга чакырыктарга карабастан, ракеталык системаны күчтөндүрүүсүн, бир караганда «коргонуунун сыртында агрессивдүү мамиле жасоонун мааниси жок экенин, анткени алар Түркия Республикасы менен бетме-бет келгенин унутуп коюшту» деп баа берет элем»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар