Казакстандын Алматы шаарында террордук операция аяктады

Бул боюнча Терроризмге каршы күрөшүү боюнча өлкөнүн башкы штабы маалымат берди.

1768624
Казакстандын Алматы шаарында террордук операция аяктады

Казакстанда өзгөчө Алматы шаарында жүргүзүлгөн террордук операциялар акырына чыкты.

Терроризмге каршы күрөшүү боюнча өлкөнүн башкы штабынын билдирүүсүндө, Алматы жана Жамбыл облустарындагы өзгөчө Алматы шаарындагы террордук операциялардын аякташы менен жалпы өлкө боюнча террордук коркунучтун кызыл деңгээли жоюлгандыгы билдирилди.  

Билдирүүдө өлкөдө айдын башында 225 адамдын өлүмүнө себеп болгон козголоңдордун уюштуруучуларын жана катышуучуларын аныктоо иштеринин улана турганы айтылды.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгынын төрагасы Санкар Адилов журналисттерге террордук операциянын алкагында уурдалган 515 курал – жарактын колго түшүрүлгөндүгүн  маалымдады. 

Адилов  кармалгандардан  98 адамдын курал уурдаганы, 61 адамдын мыйзамсыз курал сактагандыгы үчүн соттолгонун айтты.

Казакстандын Башкы прокуратурасы дагы карапайым адамдардын өлүмү боюнча тергөө ишинин тыкыр жүргүзүлүп жаткандыгын,  үч иштин адам өлтүрүү катары каралып жатканын билдирди.

2000 кылмыш ишинин иликтенгендигин белгилеген прокуратура бул иштер боюнча 898 шектүүнүн камоо мөөнөтүнүн улантылып жаткандыгын белгиледи.

Казакстандын батышында 2 - январда суюлтулган мунай газынын кымбатташы жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалдын начарлашы деген жүйө менен башталган нааразылык акциялары өлкөнүн мурдагы борбору Алматыда кагылышууга айланган.

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев Казакстандын чет элдиктер менен байланышы бар террордук топтордун кол салууусна дуушар болгондугун жарыялап, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунан Тынчтык күчтөрүн жөнөтүүнү суранган.

Нур – Султан башкаруусу  нааразылык акциясына чыккандардын коомдук имараттарды басып алышы, курал колдонушу жана жарандардын мүлктөрүнө зыян келтирүүнү улантышы менен коопсуздук күчтөрүнө террордук операцияны баштоо буйругун берген.



Тектеш кабарлар