Азербайжанда Карабахка автобус каттамдары башталды
Шушага барган жүргүнчүлөр шаардын өзгөчө архитектуралык стили тууралуу маалымат алышты.

Азербажанда Армениянын оккупациясынан бошотулган Шуша жана Агдам облустарына иреттүү түрдө автобус каттамдары башталды.
Автобус каттамдары үчүн атайын ачылган «Жолубуз Карабах» аттуу интернет сатйтынан билет алган жарандар 30 жылдан кийин башалган алгачкы автобус каттамдарынын жүргүнчүсү болуу мүмүкнчүлүгүнө ээ бошуту.
Баку автовокзалынан жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:30да башталган жол тыныгуу менен болжол менен 6,5 саатка созулду.
Шушага барган жүргүнчүлөр шаардын өзгөчө архитектуралык стили тууралуу маалымат алышты.
Оккупация мезгилинде армяндардын тарыхый жана маданий байлыктарга тийгизген зыянына күбө болгон зыяратчылар жаңы мезгилде Шушада жүргүзүлгөн реставрация жана реконструкция иштерин көрүү мүмкүнчүлүгүн табышты.
Аймакка барган жарандар Ашагы Гөвхерага жана Юкары Гөвхерага мечиттерин, Азербайжандын көркөм өнөр жана маданий турмушуна багыт берген Натаван, Бүлбүл жана Үзейир Хажыбейлинин бюсттары менен бир мезгилдерде жашаган үйлөрдү, бир убактар ат жарыштары болгон табият керемети Жыдыр түздүгүнө да барышты.