ТКТРдагы шайлоону УБП алдыда бүтүрдү

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Жогорку Шайлоо Кеңеши (ЖШK) тарабынан жарыяланган расмий эмес жыйынтыктарга караганда Улуттук Биримдик партиясы (УБП)  шайлоону 39,54 пайыз менен биринчиликте бүтүрдү.

1767342
ТКТРдагы шайлоону УБП алдыда бүтүрдү

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Премьер-министри жана Улуттук Биримдик партиясынын (УБП) төрагасы Файз Сужуоглу, кечээ жыйынтыкталган мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоодо партиясы алдыда чыкканын жана коалициялык өкмөт үчүн иштей баштай тургандарын айтты.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Жогорку Шайлоо Кеңеши (ЖШK) тарабынан жарыяланган расмий эмес жыйынтыктарга караганда Улуттук Биримдик партиясы (УБП)  шайлоону 39,54 пайыз менен биринчиликте бүтүрдү.

Республикалык Түрк партиясы (РТП) 32,04 пайыз, Демократиялык партия (ДП) 7,41 пайыз, Кайра жаралуу партиясы (КЖП) 6,39 пайыз, Элдик партия (ЭП) 6,68 пайыз, Коммуналдык демократия партиясы (КДП) жана Жамааттык боштондукка чыгуучу жаңы күчтөр (ЖБЧ-ЖК) ) жана Эгемендүүлүк жолу (ЭЖ) 5 пайыздык шайлоо босогосунан өтө алган жок.

Аталган катыштарга ылайык, 50 депутаттан турган Республикалык Парламентте Улуттук Биримдик партиясынын (УБП) 24 мандатка, Республикалык Түрк партиясы (РТП) 18, Демократиялык партия (ДП)  3, Элдик партия (ЭП)  3, Кайра жаралуу партиясы (КЖП) 2 мандатка ээ болушту.

Сужуоглу борбор шаар Левкошада басма сөзгө маалымат берип, парламенттеги эң чоң партия катары УБПнын бүгүн же эртең өкмөттү куроо милдетин президент Эрсин Татардан ала турган партия экенин айтты.

Сужуоглу тез арада коалициялык өкмөт үчүн иштей баштай тургандарын билдирди.



Тектеш кабарлар