ТКТРда парламенттик шайлоо өтүүдө...

Өлкө боюнча добуш берүү процесси жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө башталып, саат 18:00дө аяктайт.

1766907
ТКТРда парламенттик шайлоо өтүүдө...

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоо үчүн добуш берүү башталды.

Өлкө боюнча добуш берүү процесси жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө башталды, саат 18:00дө аяктайт.

763 үкөктө катталган 203 792 шайлоочу добуш бере алат.

Шайлоодо 6 миң адам, анын ичинде Жогорку шайлоо кеңешинде (ЖШК) жана округдук шайлоо комиссияларында иштегендер, үкөк комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялар тарабынан дайындалган өкүлдөр жана милиция кызматкерлери иштеп жатат.

Шайлоодо 5 пайыздык босогодон өткөн саясий партиялар 50 орундуу Республика Парламентине кирүү укугуна ээ болот.

Расмий эмес шайлоо жыйынтыктарынын бүгүн кечинде ЖШК тарабынан жарыяланышы күтүлүүдө, ал эми расмий жыйынтыктар эң эрте добуш берүү процесси аяктагандан 24 сааттан кийин ЖШК тарабынан жарыяланышы күтүлүүдө.

Республика Парламентиндеги 50 орун үчүн 8 саясий партия жана 3өө көз карандысыз 403 талапкер депутаттыкка ат салышууда.

Шайлоого катыша турган саясий партиялардын арасында Улуттук биримдик партиясы (УБП), Республикалык Түрк партиясы (РТП), Элдик партия (HP), Коммуналдык демократия партиясы (ТДП), Демократиялык партия (ДП), Кайра жаралуу партиясы (YDP), Социалдык боштондуктун Жаңы күчтөр партиясы (ТКП-ЙГ) жана Көз карандысыздык жолу (BY) орун алган.

 



Тектеш кабарлар