Түндүк Кипр Түрк Республикасында эртең парламенттик шайлоо өтөт
Шайлоодо 5 пайыздык тосмону өткөн саясий партиянын мүчөлөрү Республика Парламентине кирүү укугуна ээ болот.
1766689

Түндүк Кипр Түрк Республикасында эртең эл «мөөнөтүнөн эрте парламенттик шайлоо» үчүн добуш берет.
Акыркы парламенттик шайлоо 2018 - жылы 7 - январда өткөн Түндүк Кипр Түрк Республикасында эл 4 жылдан кийин боло турган эрте шайлоо үчүн добуш берет. Курула турган 763 үкөктө 203 миң 792 катталган шайлоочу добуш берет.
Республика парламентиндеги 50 орундук үчүн 8 саясий партия жана үчөөсү көз карандысыз болгон 403 депутат талапкери ат салышат.
Шайлоодо 5 пайыздык тосмону өткөн саясий партиянын мүчөлөрү Республика Парламентине кирүү укугуна ээ болот.