Касым - Жомарт Токаев : "Окуялар адилетсиздиктен чыкты"

Касым -  Жомарт Токаев өлкөдөгү акыркы окуялардын байлар менен жакырлардын ортосундагы ажырым кабыл алынгыс чекке жеткенинен келип чыкканын айтты.

1766462
Касым - Жомарт Токаев : "Окуялар адилетсиздиктен чыкты"

Казакстандын президенти Касым -  Жомарт Токаев өлкөдөгү акыркы окуялардын байлар менен жакырлардын ортосундагы ажырым кабыл алынгыс чекке жеткенинен келип чыкканын айтты.

Токаев бизнес  дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен өткөргөн жыйында айдын башында жалпы өлкөдө болгон тополоңдун көптөгөн жылдардан бери чогулган маселелерди ачыккан чыгаргандыгын белгиледи.

Учурда мамлекеттин алдында коомдук түзүлүштү түп - тамырынан бери өзгөртүү боюнча стратегиялык милдет турганын билдирген Токаев : «Бай менен жакырлардын ортосундагы ажырым кабыл алынгыс деңгээлге жетти»,- деди.

Токаев өлкөдөгү баш аламандыктардын социалдык теңсиздиктен келип чыкканын белгилеп : «Бул абал террористтер менен алардын арасындагы кутумчулар тарабынан колдонулду»,- деди.  

Казакстандагы мүлктүн жарымынын бир гана 162 кишинин колунда экендигине байланыштуу эл аралык изилдөө фирмаларынын  айткандарын ырастаган Токаев өлкөдө жөндөмдүү демилгечилердин мүмкүнчүлүктөрүн чектеген жана  капиталдын басымдуу бөлүгү бир колдуу болгон олигополия системасын тез арада өзгөртүү зарылдыгына көңүл бурду. Токаев өлкөдөгү саясий трансформация саясатын уланта турганын билдирип : "Коомду жаңылоо жана саясий трансформациялоо саясатын улантам. Реформалардын багыты айкын. Бул эркин рынокко, социалдык багыты бар диверсификацияланган экономикага өтүү",- деди.



Тектеш кабарлар