Татар эки эгемендүү мамлекетке басым жасады
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар мурдагыдай федерация сүйлөшүүлөрүнө кирбей тургандарын билдирди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар тең укуктуу мамлекеттин кабыл алынышы боюнча саясатты алдыга койгондорун жана мурдагыдай федерация сүйлөшүүлөрүнө кирбей тургандарын билдирди.
Татар басма сөзгө берген билдирүүсүндө Кипрде чечүүчү жол үчүн кызматташтыкты ар дайым жакташкандарын, Кипрде 60 жылдан бери эки башка эл жана мамлекеттин жашап келе жаткандыгын белгиледи.
«Расмий сүйлөшүү процессине өтүү үчүн Кипрде эки башка эгемендүү тең мамлекетти кабыл алуу саясатын Түркиянын толук колдоосу менен алдыга койдук. Мурдагыдай федерация сүйлөшүүлөрүнө кирбейбиз»,- деди Татар.
Татар Кипрде федералдык чатырдын астындагы моделдин 50 жылдан бери талкууланганын жана жыйынтык чыкпагандыгын баса белгилеп : «Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш да Кипрде эки тең укуктуу эгемендүү мамлекеттин жана бирдей эл аралык статустун принциптери кабыл алынмайынча, орток негиз болбой турганын жана расмий сүйлөшүү процессин баштоо мүмкүн эмес экенин көрүүдө. Гутерриш калыс болууга аракет кылса да азыркы учурда биргелешкен бир пикирдин жок экендигин аныкташы биз үчүн канааттандыраарлык»,- деди.
«Биздин эгемендүүлүгүбүз кеминде гректерчелик мыйзамдуу»,-деген Татар рум тарабынын бир гана эгемендүүлүк үчүн катуу тургандыгын, румдардын кыялында Кипр түрктөрүнүн өз мамлекеттеринен баш тартып рум мамлекетине айланган «Кипр Республикасына» интеграция болушунун каалагандыгын айтты.
Тектеш кабарлар

Президент Жапаров Түркиянын Президенти Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү
Президент Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.