Азербайжанда Кандуу январь курмандыктары эскерилди

«Кандуу январь» окуясынын 20-кылымдын эң коркунучтуу кылмыштарынын бири болгондугу белгиленген билдирүүдө окуяларга эл аралык саясий жана укуктук баа бериле электиги белгиленди.

1765900
Азербайжанда Кандуу январь курмандыктары эскерилди

Азербайжанда эгемендүүлүктүн символу болгон, тарыхка «Кандуу январь» (Кара январь) деген ат менен кирген 20-январь окуясынын курмандыктары эскерилди.

Азербайжандыктар 1990-жылдагы кыргында каза болгондорду эскерүү үчүн Баку шейиттеринин монументине агылды. Кар жааганына карабай миңдеген адамдар көрүстөндү зыярат кылуу үчүн узун кезек түзүштү. Зыяраттарда мүрзөлөргө кызыл гвоздикалар ташталып, шейиттерге дуба окулду.

Президент Илхам Алиев жубайы Михрибан Алиева менен Шейиттер монументине зыярат кылды. Алиев Түбөлүк от монументине гүлчамбар койду.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дө өлкө боюнча баардык шейиттер бир мүнөттүк таазим кылуу менен эскерилди. Ал арада Каспий деңизинин жээгиндеги кемелер жана жол кыймылындагы унаалар сигнал беришти.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги "Кандуу январь" окуясынын 32 жылдыгына байланыштуу билдирүү жарыялады.

«Кандуу январь» окуясынын 20-кылымдын эң коркунучтуу кылмыштарынын бири болгондугу белгиленген билдирүүдө окуяларга эл аралык саясий жана укуктук баа бериле электиги белгиленди.

 Билдирүүдө,«Бул кылмыш үчүн түздөн-түз мурдагы советтик бийлик жооптуу. Эл аралык мыйзамдарга ылайык, 20-январь окуясы адамзатка каршы кылмыш катары бааланып, аны жасагандар менен күнөөлүүлөр жазасын алышы керек»,деген сөздөр камтылган.

Армяндардын күчөгөн аймактык талаптарына жана Совет бийлигине реакциясын көрсөткүсү келген миңдеген азербайжандар 1990-жылдардын башында Бакунун Эркиндик аянтына агылып, узак мөөнөттүү митингдерди башташкан.

Митингдерди таратуу үчүн 20-январда Бакунун ар кайсы жерлерине кирген 26 миң кишилик советтик армия 147 карапайым тургунду, анын ичинде аялдар менен балдарды өлтүрүп, жүздөгөн адамдарды жарадар кылган.

Жүз миңдеген адамдардын катышуусунда шейиттер кызыл гвоздика менен көз жашын төгүп, бүгүнкү аталышы менен Шейиттер хыябанында жерге берилди.

Азербайжандыктар 32 жылдан бери ар бир 20-январда «20-январь» курмандыктарынын символуна айланган гвоздика менен шейиттик зыяратка агылып келишет.



Тектеш кабарлар