Казакстанда өзгөчө кырдаал аяктады

Казакстандын башкы прокуратурасы окуяда 225 адамдын каза болгонун билдирди.

1764732
Казакстанда өзгөчө кырдаал аяктады

Казакстанда 5 - январда жарыяланган өзгөчө кырдаал аяктады.

Өлкөдө 19 январь түн жарымынан тарта борбор шаар Нур  -  Султан башта болгон Алматы шаары менен Атырау, Жамбыл, Кызылорда жана Мангыстау облустарында өзгөчө кырдаал акырына чыгып, жалпы өлкөдө турмуш калыбына келди. Белгилүү сааттарда киргизилген коменданттык саат менен көчөлөрдөгү коопсуздук чаралары жоюлду. Шаарларга кирип  - чыгуулар да калыбына келди.

Президенттиктин басма сөз катчысы Берик Уали коопсуздук жана укук коргоо күчтөрүнүн жанын аябастан иштеши менен элдин биримдиги  менен жалпы Казакстанда тартип жана тынчтыктын камсыз болгондугун айтты.

Казакстандын батышында 2 - январда суюлтулган мунай газынын кымбатташы жана өлкөдөгү социалдык - экономикалык абал начарлады деген негиз менен башталган нааразылык акциялары өлкөнүн мурдагы борбору Алматыда кагылышууга айланган.

5 - январда президент Касым Жомарт Токаев нааразылык акциялары үчүн жооптуу деп эсептеген өкмөттүн отставкасын кабыл алып, андан кийин өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыялаган.

Казакстандын башкы прокуратурасы окуяда 225 адамдын каза болгонун билдирди.



Тектеш кабарлар