Казакстандагы нааразылык акцияларында каза болгондордун саны...

Казакстандын полиция департаменти дагы 2300 адам кармалганын билдирди.

1763964
Казакстандагы нааразылык акцияларында каза болгондордун саны...

 

Казакстанда күйүүчү майдын кымбатташына каршы башталып, аз убакыттын ичинде кагылыштуу окуяларга айланган нааразылык акцияларында 149 кишинин каза болгону билдирилди.

Казакстандын полиция департаменти дагы 2300 адам кармалганын билдирди.

Алматынын Башкы прокуратурасы 405 кылмыш ишин тергеп жатканын жарыялады.

Президент Касым-Жомарт Токаевдин чечими менен Казакстандын негиздөөчү президенти Нурсултан Назарбаевдин тууганы Самат Абиш Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду.

Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев да «Атамекен» Улуттук ишкерлер палатасынын төрагалыгынан кеткени белгилүү болду.

Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун алкагында Казакстандагы Тынчтык күчтөрүнүн бир бөлүгү өлкөдөн чыгып кетти.

Армениянын, Тажикстандын жана Кыргызстандын жоокерлери техникалары менен өз өлкөлөрүнө кайтып келишти.

Бир тараптан Казакстандын борбор шаары Нур-Султандын мурдагы аты Астанага кайтарылышы үчүн миңдеген кол топтолду.



Тектеш кабарлар