Алиев Арменияны Карабахта ок атышпоону бузганы үчүн сындады

Алиев өлкө басма сөзүнө жасаган билдирүүсүндө акыркы мезгилде кол салуулары көбөйгөн Ереван башкаруусуна катаал билдирүүлөрдү айтты.

1762030
Алиев Арменияны Карабахта ок атышпоону бузганы үчүн сындады

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Арменияны Карабахта ок атышпоону бузганы үчүн сындады.

Алиев өлкө басма сөзүнө жасаган билдирүүсүндө акыркы мезгилде кол салуулары көбөйгөн Ереван башкаруусуна катаал билдирүүлөрдү айтты.

Алиев:«Алар өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрү көбөйдү деп ойлошу мүмкүн же кайдан болсо да колдоо алабыз деп ойлошу мүмкүн, бирок 2-Карабах согушундагыдай аларга ким жардам бербесин, биз каалаганыбызды алабыз жана бизди эч ким токтото албасын унутпашы керек»,-деп айтты.

Илхам Алиев аймактагы нормалдаштыруу аракеттерине да токтолуп, 3+3 форматындагы биринчи жолугушуунун таанышуу сыяктуу болгонун белгиледи.

Алиев экинчи жолугушуудан баштап байланыш жана байланыш жолдорунун сүйлөшүлүшүн күтүшкөндөрүн айтты.

Президент Алиев да Ереван жетекчилигинин бул кызматташтыктан пайда көрүү үчүн негизсиз дооматтарынан баш тартышы керектигин белгилеп: «Бул жерден бардык өлкөлөр пайда көрөрү анык. Армения гана Азербайжанга, Түркияга жана Исламга каршы позициясынан баш тартышы керек. Анан албетте Армения да бул кызматташтыктан пайда көрө алат»,-деп айтты.

Азербайжандын президенти журналисттердин ЕККУнун Минск тобунун кезектеги функциясы тууралуу суроосуна тамашалуу жооп берип: «Алар азыр юбилейге даярданып жатышса керек»,-деди.



Тектеш кабарлар