Түрк аба жолдору Казакстанга карата каттамдарын токтотту

Казакстанда чыңалуу өлкөнүн бардык жерлерине жайылды.

1758512
Түрк аба жолдору Казакстанга карата каттамдарын токтотту

Түрк аба жолдору Казакстанда болгон окуялардан улам бардык жүргүнчү каттамдарын 9 -  январга чейин токтотуу чечимин чыгарды.

Казакстанда чыңалуу өлкөнүн бардык жерлерине жайылды.

Казакстанда баалардын көтөрүлүшүнөн кийин 4 күнгө созулган нааразылык акцияларынан улам  өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кеткен. Жамааттык коопсуздук келишими уюму Казакстанга аскерлер жөнөтөрүн жарыялады.

Күйүүчү майдын кымбатташына байланыштуу 2 - январда башталган нааразылык акцияларынан кийин өкмөт отставкага кетти. Баалар төмөндөтүлдү. Турмуштук шарттардын жакшыртылышы талабы менен башталган нааразылык акциясы бүткүл өлкөгө жайылды.

Шаарда маркеттер тонолуп, Алматы губернаторлдук имараты жана прокуратура имараты өрттөлдү. Митингге чыккандар Алматы аэропортун да басып алышты. Бирок атайын операция менен аэропорт митинчилерден алынды.



Тектеш кабарлар