Россия Казакстандагы кырдаалдын калыбына келишинен үмүттүү экендигин билдирди

Россиянын Казакстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү айланада абалдын тынч экендигин билдиришти.

1757722
Россия Казакстандагы кырдаалдын калыбына келишинен үмүттүү экендигин билдирди

Россия  Казакстандагы нааразылык акцияларына байланыштуу кырдаалдын мүмкүн болушунча тезирээк жөнгө салынат деген үмүтүн билдирди.

Росиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Казакстандагы окуялардын жакындан иликтенгендиги белгиленип : «Бардык маселелердин көчөлөрдө баш  -  аламандык жаратуу жана мыйзамдарды бузуу жолу менен эмес, конституция, мыйзам жана диалогдун негизинде тынчтык жолу менен чечилишин каалайбыз»,- деп билдирилди.

Билдирүүдө Казакстандын президенти Касым Жомерт Токаевдин бул багыттагы кадамдары кырдаалды турукташтырууга жана мыйзамдуу талаптарды койгон митингчилердин учурдагы көйгөйлөрүн тез арада чечүүгө багытталганы белгиленип : «Россиянын стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык карым  - катнаштары,  боордоштук жана адамзаттык карым  - катнаштары менен байланыштуу болгон өлкөдөгү абалды мүмкүн болушунча кыска убакытта калыбына келишин каалайбыз»,- деген сөздөргө орун берилди.

Россиянын Казакстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү айланада абалдын тынч экендигин билдирген маалыматта учурда өлкөдөгү эч бир орус жаранынын жабыр тартпагандыгы, абалдын туруктуу экендиги маалымдалды.

Казакстандын батышында 2 -  январдан тарта LPG (суюлтулган газ) баасынын көтөрүлүшү жана өлкөдөгү социалдык - экономикалык абал начарлады деген негиз менен башталган нааразылык акциялары өлкөнүн башка  аймактарына да жайылды.

Көчө окуяларына айланган нааразылык акцияларында коопсуздук күчтөр менен митингге чыккандардын ортосунда кагылышуу чыкты.

Полициянын жана аскердик унааларды өрттөп, өкмөттүк имараттарга кирген митингчилерге коопсуздук күчтөрү үн бомбалары менен кийлигишти.

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев баштатылган нааразылык акциялардан өкмөттү жооптуу деп, өкмөттүн отставкага кетишин кабыл алды.

Нааразылык акциялары айрым аймактарга жайылып, борбор шаар Нур-Султан, Алматы жана Мангыстау облустарында өзгөчө кырдаал жарыяланды.



Тектеш кабарлар