Өзбекстанда университеттерде жоолукка тыюу салуу тууралуу сөздөр төгүнгө чыгарылды

Зафар Амиркулов социалдык тармактарда жана айрым маалымат каражаттарында өлкөдөгү жогорку окуу жайларда жоолук салынып, узун юбка кийүүгө тыюу салынганы тууралуу маалымат чындыкты чагылдырбайт деп билдирди.

1755296
Өзбекстанда университеттерде жоолукка тыюу салуу тууралуу сөздөр төгүнгө чыгарылды

Өзбекстанда университеттерде жоолук жана узун юбака кийүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу кабарлардын чындыкты чагылдырбагандыгы билдирилди.

Өзбекстан Жогору жана кесиптик билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Зафар Амиркулов социалдык тармактарда жана айрым маалымат каражаттарында өлкөдөгү жогорку окуу жайларда жоолук салынып, узун юбка кийүүгө тыюу салынганы тууралуу маалымат чындыкты чагылдырбайт деп билдирип : «Жогорку жана кесиптик билим берүү министрлиги студенттердин кийинүүсүнө эч кандай чектөө киргизе элек. Адам укуктары жана эркиндиктери биздин алдыңкылыктарыбыз жана биз муну сыйлайбыз»,- деди.

Студенттердин кийимдери туурлуу эрежелерди адам укуктары жана эркиндиктерине ылайык ар бир университеттин өзү белгилей тургандыгын айткан Амиркулов университеттердин жоолук жана узун юбка  тууралуу студенттерге эч бир кысым же чектөөнүн киргизилбегендигин, студенттердин бул тууралуу эркин экендерин айтты.

Амиркулов чындыкка эч кандай тиешеси жок мындай кабарлар өлкөнүн аброюна шек келтирүү аракети экенин айтты.



Тектеш кабарлар