Казакстанда орус тилин көрнөк-жарнактарда милдеттүү түрдө колдонуу жоюлду

Казакстандын конституцтясында казак тили мамлекеттик тил статусуна ээ болсо,  орус тили расмий тил болуп белгиленген.

1754683
Казакстанда орус тилин көрнөк-жарнактарда милдеттүү түрдө колдонуу жоюлду

Казакстанда расмий тил статусунда болгон орус тилинин визуалдык маалыматта, өзгөчө көрнөк - жарнактарда милдеттүү түрдө колдонуу токтотулду.

Казакстандын президенттигинин интернет сайты Акордадан берилген маалыматка караганда президент Касым Жомарт Токаев “Визуалдык маалымат” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамды бекитти.

Жаңы жобого ылайык, визуалдык маалыматта, өзгөчө көрнөк-жарнактарда орус тилин милдеттүү түрдө колдонуу жоюлду.

Ушуга ылайык, жарнактар, баалар, менюлар, жол белгилери, айылдардын жана тарыхый жерлердин аттары, өзгөчө көрнөк - жарнак сыяктуу визуалдык маалыматтар мамлекеттик тилде (казакча) гана жазылат.

Жеке ишканалардын талабы боюнча казак тилинен тышкары орус жана башка тилдерди колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Продукциянын таңгагындагы жана коомдук курулуштун белгилериндеги сөздөр эки тилде жазылат. Бирок казакча маалымат продукциянын таңгагында катасыз берилиши керек.

Мындан тышкары казакча котормолордун сапатына жана чет элдик тасмалардын дубляжына көңүл бурулат.

Казак парламентинин депутаты Берик Абдиганулы берген маалыматында мыйзамдык ченемдер өлкөдөгү мамлекеттик органдарда да, менчик сектордо да казак тилинин системалаштырылышын жана туура колдонулушуна шарт түзөрүн белгиледи.

Абдиганулы ушундайча менчик сектор уюмдарында визуалдык маалыматты мамлекеттик тилде берүү мыйзамдаштырылгандыгын айтты.

Казакстандын конституцтясында казак тили мамлекеттик тил статусуна ээ болсо,  орус тили расмий тил болуп белгиленген.

 

 



Тектеш кабарлар