TURKOVACтын 3-фазалык изилдөөлөрү Азербайжанда да жүргүзүлөт
ТҮРКОВАКтын 3-фазалык изилдөөлөрүн ишке ашыруу үчүн эксперттер тобунун Азербайжанга барышы күтүлүүдө.
1754331

Коронавируска (Ковид-19) каршы Түркияда иштелип чыккан ата мекендик TURKOVAC вакцинасынын 3-фазалык изилдөөлөрү Азербайжанда да жүргүзүлөт.
Азербайжандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Первиз Абубекиров, TURKOVACтын 3-фазалык изилдөөлөрүнүн Азербайжанда да жүргүзүлүшүнө байланыштуу документтердин каралып чыкканын жана бекитилгенин билдирди.
Абубекиров белгилегендей, ТҮРКОВАКтын 3-фазалык изилдөөлөрүн ишке ашыруу үчүн эксперттер тобунун Азербайжанга барышы күтүлүүдө.