Министр Дөнмез Алиев менен жолугушту

Азербайжандын Президенттигинин билдирүүсүнө караганда жолугушууда Азербайжан менен Түркиянын ортосундагы достук жана бир туугандык карым-катнаштарынын бардык тармактарда тынымсыз өнүгүп жатканы билдирилди.

1750739
Министр Дөнмез Алиев менен жолугушту

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез жолугушуу үчүн барган Азербайжанда президент Илхам Алиев тарабынан кабыл алынды.

Азербайжандын Президенттигинин билдирүүсүнө караганда жолугушууда Азербайжан менен Түркиянын ортосундагы достук жана бир туугандык карым-катнаштарынын бардык тармактарда тынымсыз өнүгүп жатканы билдирилип, энергетика тармагындагы кызматташтыктын мурдагы жылдардагыдай уланып жатканына кубанычта экендиктери белгиленди.

Жолугушууда Азербайжан менен Түркиянын биргелешип ишке ашырган глобалдык энергетика долбоорлорунун мааниси баса белгиленип, Дөнмездин сапарынын энергетика тармагындагы кызматташтык перспективаларын талкуулоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болгону баса белгиленди.

Жолугушууда эртең Бакуда өтө турган 1-Азербайжан-Түркия энергетика форумунун эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүү, жаңы багыттарды аныктоо жана конкреттүү долбоорлорду талкуулоо үчүн жаңы аянтча экени айтылды.

Министр Дөнмез жолугушууларынын алкагында эртең 1-Азербайжан-Түркия энергетика форумуна катышат.

Дөнмездин бүгүнкү күн тартибинде орун алган Сангачал терминалына баруу жокко чыгарылды.



Тектеш кабарлар