Эрсин Татар БУУнун Кипр боюнча атайын өкүлүнүн сый кечесине катышты

Кипрде мөөнөтү аяктаган Элизабет Спехардын ордуна дайындалган Стюарт бейтарап зонада жайгашкан Ledra Palace мейманканасында сый кече уюштурду.

1747877
Эрсин Татар БУУнун Кипр боюнча атайын өкүлүнүн сый кечесине катышты

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кипрдеги жаңы атайын өкүлү жана БУУнун Тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн Кипрдеги миссиясынын башчысы Колин Стюарт тарабынан берилген «Жылдын аягындагы сый кечеге» катышты.

Кипрде мөөнөтү аяктаган Элизабет Спехардын ордуна дайындалган Стюарт бейтарап зонада жайгашкан Ledra Palace мейманканасында сый кече уюштурду.

Сый кечеге Кипрдин рум лидери Никос Анастасиадис да катышты. Эки лидер 27-сентябрда Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш менен үч тараптуу жолугушууда өткөн түнү биринчи жолу жолугушту.

Бул жерде кыскача сөз сүйлөгөн Стюарт, лидерлердин дээрлик бир жылдан кийин аралда биринчи жолу чогулуп жатканын жана бул иш-чарага катышуусу сыймык экенин белгиледи.

БУУнун баш катчысынын Кипр маселесине маани берип жатканын баса белгилеген Стюарт, бул багытта Женева жана Нью-Йорктогу баш катчынын аракеттерине токтолду.

Стюарт ошондой эле башкы катчы алдыга жана эки тарапка тең кабыл алынгыдай жолду табууда лидерлерди колдоо аракеттерин уланта турганын жана бул багытта колунан келгендин баарын жасай турганын белгиледи.

Сый кеченин расмий эмес иш-чара болгонун белгилеген Стюарт бардыгын жаңы жылы менен куттуктап, келерки жылы Кипр боюнча дагы көп жылыштарды каалады.



Тектеш кабарлар