Алиев НАТОго барып маалымат берди

Алиев Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун баш кеңсесинде баш катчы Йенс Столтенберг менен жолугушту.

1747585
Алиев НАТОго барып маалымат берди

Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Армениядан жакшы ниет көрүшсө, бул өлкө менен тынчтык келишими боюнча иш баштаса болоорун айтты.

Алиев Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун баш кеңсесинде баш катчы Йенс Столтенберг менен жолугушту.

Биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Алиев өлкөсүнүн НАТОнун ишенимдүү өнөктөшү экенин, 2002-жылдан ушул жайга чейин НАТОнун Ооганстандагы миссиясына салым кошкондорун, Ооганстандан чыккан акыркы коалиция аскерлеринин арасында Азербайжан аскерлеринин да болгонун белгиледи.

Алиев Столтенберг менен келечектеги кызматташтык пландарын сүйлөшкөндөрүн, Азербайжандын НАТОнун аскердик машыгууларына катышканын, аймактын тынчтыгына жана ырааттуулугуна кызмат кылуу максатында НАТОго мүчө Түркия менен быйыл гана 7 жолу биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүшкөндөрүн айтты.

Азербайжандын аймакта тынчтыкты, ырааттуулукту жана алдын ала айтууну каалаганын баса белгилеген Алиев сөзүн: «Биздин күч-аракетибиз аймактагы жаңы согуш коркунучун минималдаштырууга багытталган. Бул үчүн эң жакшы жол - байланыш каналдарын ачык кармап, активдүү диалогду түзүү жана кайрадан коңшу болууну үйрөнүү. Биздин саясат абдан ачык. Биз Армениядан жакшы ниетти көрсөк, биз сунуш кылгандай эки өлкөнүн ортосунда тынчтык келишими үчүн иштөөнү баштай алабыз»,-деп улантты.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен бүгүн өткөрө турган үч тараптуу жолугушуудан күтүүсү жана Азербайжан менен Армениянын ортосундагы Зангезур коридору тууралуу суроого жооп берген Алиев, Зенгезур коридорунун ачылышынын өткөн жылы Орусия менен кол койгон үч тараптуу декларацияга ылайык Армения үчүн зарылчылык экенин түшүндүрдү.

Армениянын аймагынан өткөн жана Азербайжандан Нахчыванга жете турган темир жол линиясы жана автожолдун курулушу темасында макулдашкандарын эске салган Алиев, автожолдун так маршрутунун азырынча аныктала электигин, мунун кийинки жолугушууларда карала турганын билдирди.

Алиев: «Биз бул маселени бүгүн кечинде Шарль Мишель менен үч тараптуу жолугушууда да талкуулайбыз»,-деди.

Зенгезур коридорунун Лачын коридорундай мыйзамдуу режимге баш ийүүсү керектигин баса белгилеген Алиев, Лачын коридорунда бажы жок экенин, ошондуктан Зенгезур коридорунда бажы болбошу керектигин белгиледи.

Алиев: «Эгер Армения бажыны түзүүнү, товарларды жана адамдарды көзөмөлдөөнү талап кылса, биз Лачын коридорунда да ошону талап кылабыз. Мунун чечимин Армения чыгарат. Биз эки вариантка тең ачыкпыз. Же экөөндө тең бажы болбойт, же экөөндө тең болот»,-деп айтты.

Столтенберг ошондой эле абдан конструктивдүү жолугушуу өткөрүшкөндөрүн, Алиевдин НАТО союздаштарынын өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн Түндүк Атлантика Кеңешинин жыйынына катыша турганын жана НАТОнун Азербайжан менен күчтүү өнөктөштүгүнүн маанилүү экенин белгиледи.

Түштүк Кавказда коопсуздук жана ырааттуулуктун маанисине көңүл бурган Столтенберг: «Биз НАТОнун эки баалуу өнөктөшү болгон Азербайжан менен Армениянын ортосундагы нормалдашууну колдойбуз»,-деди.

Эки өлкөнүн ортосунда диалог түзүлүшүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген Столтенберг, пикир келишпестиктердин дипломатиялык жол менен чечилиши керектигин, НАТОнун Азербайжан менен Армениянын ортосунда бир тарапты карманбасын белгиледи.



Тектеш кабарлар