Назарбаев: «Советтер Союзунда 70 жылдык мүчөлүк өлкөгө пайда алып келбей жыйынтыкталды»

Назарбаев «Эгемен Казакстан» гезитинде жарыяланган «Эгемендүүлүк сабактары» аттуу макаласында өлкөсүнүн 30 жылдык эгемендүүлүк процессине баа берди.

1743573
Назарбаев: «Советтер Союзунда 70 жылдык мүчөлүк өлкөгө пайда алып келбей жыйынтыкталды»

Казакстандын негиздөөөчү туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев Советтер Союзунда 70 жылдык мүчөлүк анын өлкөсүнө пайда алып келбей жыйынтыкталганын билдирди.

Назарбаев «Эгемен Казакстан» гезитинде жарыяланган «Эгемендүүлүк сабактары» аттуу макаласында өлкөсүнүн 30 жылдык эгемендүүлүк процессине баа берди.

Эгемендүүлүктү өлкөсүнүн эң ыйык баалуулугу катары баалаган Назарбаев: «Жакында (16-декабрда) биз эң ыйык баалуулугубуз болгон мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнүн мааракесин белгилейбиз. Мындан 30 жыл мурун биз дүйнө таанымыбызга, өздүк касиетибизге карап, аң-сезимдүү түрдө эркиндикти тандап алганбыз. Жогоруда айтылган мезгил, адамзаттын тарыхында көз ирмемдик болсо да Казакстан үчүн бул чоң учур»,-деген пикири менен бөлүштү.

Назарбаев байыркы заманда сак, хунн жана андан кийинки баатыр түрк аталары улуу талаада улуу элди курганын эске салып:«Оор согуштун, элдешкис согуштун кесепетинен көптөгөн элдер көчүп-конуп, чачырап, кумга кагылган таштай талкаланган оор мезгилдерге карабастан, казактар ​​өздөрүнүн түпкү мекенин, түрк элдеринин ата-баба мекенин сактап кала алышты»,-деп айтты.

Назарбаев өткөн кылымда элинин «Улуу ачарчылык» окуялары, Экинчи Дүйнөлүк Согуш жана Иосиф Сталин башкаруусунун кандуу репрессиясы сыяктуу кырсыктардан кийин ар кандай экономикалык көйгөйлөр менен күрөшкөнүн белгиледи.

«Биздин Советтер Союзунда жашаган 70 жыл биздин өлкөбүздүн пайдасына болгон жок»,-деген өз баасын берди ал.

Назарбаев эгемендүү Казакстандын жаштары эгемендүүлүк жолу канчалык азаптуу экенин билиши керектигин баса белгилеп: «Бул өткөндү сыйлап, сабак алуу үчүн керектүү. Ошондуктан мен эгемендүүлүктү ата-бабаларыбыздын канынан жаралган ыйык баалуулук деп атайм»,-деди.



Тектеш кабарлар