Кипрдин Рум бөлүгүндөгү Ларнака Улуу мечитине кол салуу болгондугу билдирилди

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Дин иштери боюнча башкармалыгынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 2-декабрь күнү кечинде Ларнака мечитине жийиркеничтүү кол салуу болгондугу белгиленди.

1743225
Кипрдин Рум бөлүгүндөгү Ларнака Улуу мечитине кол салуу болгондугу билдирилди

Кипрдин Рум бөлүгүндө жайгашкан Ларнака Улуу мечитине кол салуу болгондугу кабарланды.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Дин иштери боюнча башкармалыгынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 2-декабрь күнү кечинде Ларнака мечитине жийиркеничтүү кол салуу болгондугу белгиленди.

Билдирүүдө кол салууда жарадар болгон же каза болгондордун болбогону, Рум полициясы жүргүзгөн иликтөөнүн натыйжасында 1 кишинин камакка алынганы белгиленди.

Дин иштери боюнча башчысы Ахмет Үнсал жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Кипрдин Рум бөлүгүндөгү Ларнака Улуу Мечитине жасалган кол салууну катуу айыптайбыз. Сыйынуу жайларына жасалган кол салуулар тынчтыкка алып келбейт, тескерисинче, кек сактоо, жек көрүү жана кастыктын күчөшүнө алып келет. Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Дин иштери боюнча төрагалыгы катары бийликтегилерден окуя болгон жердеги бул жийиркеничтүү кол салууну кылдат иликтөөнү жана руханий баалуулуктарыбыздын символу болуп саналган ибадатканаларды коргоодо сезимталдыкты талап кылабыз»,делди.



Тектеш кабарлар