Азербайжандык учкучтар ХҮРКУШ менен учушту

Азербайжандын Коргоо министрлиги эки ХҮРКУШ учагын көрсөтүү максатында Бакуга алып барылгандыгын билдирди.

1742843
Азербайжандык учкучтар ХҮРКУШ менен учушту

Азербайжандык учкучтар Түрк авиация жана космостук өнөр жайы тарабынан чыгарылган ХҮРКУШ аскердик машыктыруучу учагы менен борбор шаар Бакунун асманында учушту.

Азербайжандын Коргоо министрлиги эки ХҮРКУШ учагын көрсөтүү максатында Бакуга алып барылгандыгын билдирди. Маалыматта түрк жана азербайжандык учкучтардын ХҮРКУШ менен учкандыгы маалымдалды.

Учууларды Азербайжан аба күчтөрү командири, армиянын генералы Рамиз Тахиров, Түркиянын Бакудагы элчиси Жахит Багжы, Аскердик аташе, генерал Зекерия Ялчын жана башка жетекчилер көрүштү.

Учкучтар учуудан кийин учактан Түркия жана Азербайжан желектерин желбиретип түшүштү.

Андан кийин келген конкоторго ХҮРКУШ тууралуу маалымат берилди.



Тектеш кабарлар