Эрдоган Алиевге телефон аркылуу байланышып көңүл айтты

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Эрдоган шейит болгон азербайжандык аскерлерге Аллахтын ырайымын тилеп, үй-бүлөлөрүнө жана Азербайжан элине көңүл айтты.

1741037
Эрдоган Алиевге телефон аркылуу байланышып көңүл айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен телефон аркылуу байланышып, Азербайжанда аскердик тик учактын кулашында шейит болгон аскерлерге көңүл айтты.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Эрдоган шейит болгон азербайжандык аскерлерге Аллахтын ырайымын тилеп, үй-бүлөлөрүнө жана Азербайжан элине көңүл айтты.

Азербайжанда Мамлекеттик чек ара кызматынын аскердик тик учагы кырсыкка учурап, Хизи аймагындагы кырсыктан 14 аскер шейит болуп, 2 аскер жаракат алды.

Азербайжандын Мамлекеттик чек ара кызматы кырсык Карахейбет аба машыгуу талаасында жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:40 чамасында болгонун билдирди.



Тектеш кабарлар