Президент Садыр Жапаровдун Экономикалык Кызматташтык Уюмунун саммитиндеги сөзү

Президент Садыр Жапаров: «Экономикалык Кызматташтык Уюму экономикалык долбоорлордун ишмердүүлүгүн кеңейтүү үчүн дүйнөнүн чакырыктарына даяр болушу керек»

1739893
Президент Садыр Жапаровдун Экономикалык Кызматташтык Уюмунун саммитиндеги сөзү
Sadır Caparov EİT Zirvesi 3.jpg
Sadır Caparov EİT Zirvesi 4.jpg
Sadır Caparov EİT Zirvesi konuşma Berdimuhamedov.jpg
Sadır Caparov EİT Zirvesi konuşma Erdoğan.jpg

«Экономикалык Кызматташтык Уюму экономикалык долбоорлордун ишмердүүлүгүн кеңейтүү үчүн дүйнөнүн чакырыктарына даяр болушу керек», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, Ашхабад шаарында өтүп жаткан Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) 15-саммитинин жүрүшүндө.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы 28-ноябрь Саммиттин бардык катышуучулары үчүн маанилүү күн экенин белгиледи. Бүгүн Экономикалык Кызматташтык Уюмунун күнү белгиленүүдө.

«Бүгүнкү Саммит биздин Уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча кеңири пикир алмашууга, өлкөлөрүбүздүн өнүгүүсүнө тиешелүү жаңы сунуштарды, идеяларды талкуулоого, коронавирус пандемиясы менен климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин тез арада жоюу темасында өз ара пикир алмашууга ары жагымдуу, ары ыңгайлуу шарттарды түзүүдө.

Биздин мамлекеттер Уюмдун максаттары менен милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон бардык потенциалга, анын ичинде экономикалык мүмкүнчүлүктөргө, адамдык жана илимий ресурстарга, эбегейсиз жаратылыш байлыктарына ээ.

ЭКУнун өткөн мезгил ичиндеги ишмердигине баа берип, келечегин аныктап жатып, биз өлкөлөрүбүздүн акыркы бир нече жылда жаңы бийиктиктерге жетишкенин, өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыкканын жана татаал маселелерди чечүүгө жөндөмдүү экендигине күбө болуудабыз», — деди Садыр Жапаров.

Президент белгилегендей, ошол эле учурда, биздин мамлекеттер соңку учурда баштан кечирип жаткан дүйнөлүк экономикалык кризистин кесепеттери, ошондой эле заманбап чакырыктар менен эл аралык чөйрөдөгү коркунучтар Уюмдун алдына жаңы милдеттерди коюп келет.

Климаттын өзгөрүп жатканын белгилеп кетүү маанилүү, себеби бул маселе — өтө олуттуу глобалдык көйгөй, аны чечүү үчүн бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун токтоосуз аракети талап кылынат.

Мамлекет башчысы абадагы көмүртек көлөмүн төмөндөтүү жана циклдүү экономиканы пландуу өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты жандандыруу жана бекемдөө зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Бул  COVID-19 пандемиясынан кийин «жашыл экономиканы» калыбына келтирүүгө, ошондой эле ЭКУ мейкиндигинде климаттын өзгөрүшүнөн улам келип чыккан кесепеттерди жумшартууга өбөлгө түзөт.

Садыр Жапаров Кыргызстан 2050-жылга чейин бул жаатта көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кыларын белгиледи. Энергиянын кайра жаралуучу булактары, биринчи кезекте, гидроэнергетика — көмүртексиз өнүгүү саясатынын локомотиви болот.

Энергиянын натыйжалуулугун арттыруучу жана аны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү аркылуу Кыргызстандын жана региондун башка өлкөлөрүнүн гидроэнергетикалык потенциалын ишке ашыруу, анын ичинде CASA-1000 долбоорунун алкагында БУУнун Туруктуу өнүктүрүү жаатындагы айрым максаттарына жетишүүгө түрткү берүү бүтүндөй Борбор Азия регионун экологиялык жактан таза электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө болот.

Ушуга байланыштуу Президент Экономикалык кызматташтык уюмунун алкагында гидроэнергетика комплексинде өз ара пайдалуу инвестициялык кызматташтыкты мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринин негизинде да түзүүнү жана парник газдарын бөлүп чыгаруунун көлөмүн азайтуу жолу менен климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча биргелешкен чараларды көрүүнү сунуштады.

 «„Экономикалык кызматташтык уюмунун 2025-жылга чейинки перспективалары“ деп аталган концептуалдык документте каралган максаттарды ишке ашыруу үчүн ЭКУ экономикалык долбоорлор боюнча ишмердикти кеңейтүүгө, анын институттарын өнүктүрүүгө жана чыңдоого, аларды ийкемдүү кылуу аркылуу негизги принциптерин илгерилетүү үчүн дүйнө чакырыктарына даяр болушу керек. Заманбап шарттарга ыңгайлашуу үчүн Экономикалык Кызматташтык Уюмунун ишмердүүлүгүн оптималдаштырууда зарыл болгон жана максатка ылайык келген чечимдер аркылуу жаңы сапаттык деңгээлге чыгуусу кажет.

Соода-экономикалык чөйрөдө региондук кызматташтыкты жүзөгө ашыруу үчүн ЭКУнун бардык өлкөлөрүндө долбоорлорду каржылоонун реалдуу системасын түзүүгө багытталган масштабдуу реформаларга убакыт келди деп эсептейм», — деп кошумчалады Мамлекет башчысы.

Буга байланыштуу, кыргыз тарап ЭКУнун реформалары Уюмдун Катчылыгынын натыйжалуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга дагы багытталышы керек деп эсептейт.

Келечекте Уюмдун Катчылыгы өз ишмердигинде экономикалык багытка басым жасап, бардык мүчө өлкөлөр үчүн артыкчылыктуу болгон долбоорлорду жүзөгө ашырышы зарыл.

«Биздин Уюмдун ишинин натыйжалуулугун арттыруу маселеси бүгүнкү күндө да болуп көрбөгөндөй актуалдуу, бул маселе көп жылдардан бери жыйындардын күн тартибине киргизилип келе жатат.

Биз кеңейтилген региондук кызматташууда, экономикалык өсүштө жана чөлкөмүбүздү өнүктүрүүдө экономикабыз үчүн артыкчылыктуу болгон транспорт жана коммуникациялар, өнөр жай, энергетика, соода жана инвестиция, туризм жана айлана-чөйрөнү коргоо сыяктуу тармактарда тийиштүү стратегия иштеп чыгып, аны ишке ашырууда чечкиндүү болушубуз керек.

Ошондой эле айыл чарба, бажы жана саламаттыкты сактоо жаатында өз ара иш-аракет жүргүзүүнү улантууга олуттуу көңүл буруу зарыл», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал экономикалык маселелерди ийгиликтүү чечүү үчүн Уюмдун эң олуттуу милдети региондук инфратүзүмдү түптөө жана өнүктүрүү болуп саналарына көңүл бурду. Анын ичине бирдиктүү транспорт түйүнү, телекоммуникация, өткөрмө түтүктөр жана энергосистема тармагынын камтылышы. Анткени ал регион ичиндеги жана региондор аралык натыйжалуу кызматташтыктын зарыл шарты болуп эсептелет.

Садыр Жапаров белгилегендей, Кыргызстан ЭКУнун башка өлкөлөрү менен биргеликте «Чыгыш — Батыш» жана «Түндүк — Түштүк» транспорт коридорлорун өнүктүрүүгө жигердүү катышууда. Бул Борбор Азия өлкөлөрүнө Түркмөнстан жана Иран аймактары аркылуу Перси булуңуна чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Мындан сырткары, Кыргызстан ЭКУ аймагында транспортту жана коммуникацияларды өнүктүрүү боюнча ЭКУнун иш-аракеттер программасына кирген «Өзбекстан — Кыргызстан — Кытай» темир жолун куруу долбоорун илгерилетүүгө чоң маани берет. Кыргыз Республикасы Шахид Ражаи портун пайдалануу аркылуу «Кыргызстан — Өзбекстан — Түркмөнстан — Иран» каттамы боюнча транспорт коридорунун транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу жаатында жигердүү иш жүргүзүп жатат.

Туризм темасына токтолуп, Мамлекет башчысы бул тармактагы ЭКУ катышуучу өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык да барган сайын жанданып баратканын белгиледи. Региондогу өлкөлөрдүн туристтик потенциалы чоң жана эл аралык туризмди өнүктүрүүдө көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө ээ. Ошондуктан, бул багытта да биргелешип аракеттенүү маселесин карап чыгуу зарыл.

Президент региондо тынчтык жана туруктуулук болмоюнча экономика жаатында ийгиликтүү кызматташуу мүмкүн эмес экенине Саммиттин катышуучуларынын көңүлүн өзгөчө  бурду. Ал аймактык коопсуздук маселесине токтолуп, Афганстандагы кырдаал ЭКУ өлкөлөрүнө түздөн-түз таасирин тийгизерин белгиледи.

Кыш мезгилинин алдында Афганстандагы социалдык-экономикалык абал өзгөчө тынчсыздандырат. Дал ушул гуманизм принциптеринин негизинде учак менен Кыргызстан Кабулга, ошондой эле жүк ташуучу транспорттор менен алыскы Кичи жана Улуу Памирдин аймактарынын тургундарына гуманитардык жардам жеткирди. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында билим алып жаткан афган жарандарына студенттик визаларды берүүнү улантуу  чечими кабыл алынды. Афганстандын жарандык согуштун туңгуюгуна түшүп кетишине жол бербөө үчүн болгон күч-аракетти жумшоо маанилүү.  

Сөзүнүн аягында Мамлекет башчысы Уюмга кирген өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсү үчүн эбегейсиз зор мүмкүнчүлүктөрү бар экенин, бирок алар азырынча толук көлөмдө пайдаланылбай жатканын белгиледи. ЭКУга мүчө-мамлекеттердин экономикалык өнүгүү деңгээлдеринин ортосундагы айырманы азайтуу максатында биргелешкен, жыйынтыгында баары кошулуп келип, бирдиктүү натыйжа бере турган тиешелүү чараларды көрүшүү зарыл.

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы көп тараптуу мамилелерди мындан ары бекемдөө үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенине ишендирди.

Аны менен бирге бүгүн кабыл алып жаткан «Ашхабад декларациясы» Уюмубуздун бардык мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарына жооп берерин кошумчалады.

Булак: КРнын Президентинин сайты

 



Тектеш кабарлар