Жапаров ЭКУнун саммитинде кайрылуу жасады

Жапаров Экономикалык Кызматташтык Уюмунун 15-саммитинде сүйлөгөн сөзүндө бирдиктүү транспорт тармагы, телекоммуникация жана аймактык инфраструктура түзүлүп, өнүктүрүлүшү керектигин баса белгиледи.

1739795
Жапаров ЭКУнун саммитинде кайрылуу жасады

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөнүн берки мамлекеттер менен Чыгыш-Батыш жана Түндүк-Түштүк транспорт коридорлорун өнүктүрүүдө активдүү роль ойногонун билдирди.

Жапаров Түркмөнстандын борбору Ашхабадда өткөн Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) 15-саммитинде сүйлөгөн сөзүндө бирдиктүү транспорт тармагы, телекоммуникация жана аймактык инфраструктура түзүлүп, өнүктүрүлүшү керектигин баса белгилеп: «Кыргызстан берки өлкөлөр менен Чыгыш-Батыш жана Түндүк-Түштүк транспорт коридорлорун өнүктүрүүдө активдүү роль ойноодо. Бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн Түркмөнстан жана Иран аркылуу Перс булуңуна чыгуусуна шарт түзөт»,-деп айтты.

Кыргызстандын ЭКУ аймагында транспортту жана коммуникацияны өнүктүрүү боюнча ЭКУнун иш-аракеттер планына киргизилген Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жол долбоорун илгерилетүүгө өзгөчө маани бергенин билдирген Жапаров, Шахид Ражаи порту аркылуу өлкөсүнүн «Кыргызстан- Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран» багытындагы транспорт коридорунун транзиттик потенциалын жогорулатуу үчүн жигердүү иштеп жатканын айтты.

Президент Жапаров ЭКУнун алкагында гидроэнергетика тармагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде өз ара пайдалуу инвестициялык кызматташууну түзүүнү сунуштап, бул жаатта кызматташууга чакырды.

Аймактык коопсуздук маселесине да көңүл бурган Жапаров: «Аймакта тынчтык жана туруктуулук болмоюнча ийгиликтүү экономикалык кызматташуу мүмкүн эмес. ЭКУ өлкөлөрүнө түздөн-түз таасирин тийгизген Ооганстандын социалдык-экономикалык абалы олуттуу тынчсызданууну жаратууда»,-деди.



Тектеш кабарлар