Кыргызстанда шайлоо өтүп жатат

90 орундуу парламентке өтүү үчүн шайлоого 21 партиядан 1015 депутаттык талапкер катышууда.

1739658
Кыргызстанда шайлоо өтүп жатат

Кыргызстандыктар алдыдагы 5 жыл бою кызмат кыла турган эл өкүлдөрүн шайлоо үчүн добуш берүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясы, өлкөдө катталган 3 миллион 703 миң 420 шайлоочу үчүн 2 миң 435 урна орнотту.

90 орундуу парламентке өтүү үчүн шайлоого 21 партиядан 1015 депутаттык талапкер катышууда.

Парламенттеги көз карандысыз талапкерлерге бөлүнгөн 36 орун үчүн 287 талапкер ат салышууда.

Партиялардын талапкерлеринин тизмеси жаштар, гендердик теңчилик, азчылыктар жана майыптар үчүн квотага ылайык түзүлдү.

Парламентке келе турган депутаттардын 54ү пропорционалдык (саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси), 36сы да мажоритардык (көз карандысыз талапкерлер) система аркылуу шайланат.

Саясий партиялар парламентке өтүү үчүн өлкө боюнча 5 пайыздык шайлоо босогосунан өтүп, өлкөнүн 7 облусу менен 2 чоң шаарында шайлоочулардын 0,5 пайыздык добушун алышы керек.

Шайлоо мыйзамына ылайык, парламентке ар бир партиядан эң көп дегенде 27 депутат келе алат.

Чет өлкөдө жашаган жарандардын ошол эле күнү добуш берүүсү үчүн 29 өлкөдө 59 урна орнотулду.

Консулдук каттоодо турган жана биометрикалык маалыматтары алынган кыргызстандыктар Түркиянын Анкара, Стамбул жана Анталья облустарында өз добушун бере алышат. Чет өлкөдө 84 миң 128 кыргызстандык каттоодо турат.



Тектеш кабарлар