Хасанов: «ASELSAN технологиялары жогорку сапаттуу»

Хасанов, Азербайжанга барган ASELSANдын төрагасы жана башкы директору профессор доктор Халук Гөргүндү кабыл алды.

1737625
Хасанов: «ASELSAN технологиялары жогорку сапаттуу»

Азербайжандын коргоо министри Закир Хасанов, Азербайжан армиясынын Экинчи Карабах согушунда колдонгон ASELSAN технологияларынын жогорку сапаттуу экенин айтты.

Хасанов, жолугушууларды өткөрүү үчүн Азербайжанга барган ASELSANдын төрагасы жана башкы директору профессор доктор Халук Гөргүндү кабыл алды.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, Хасанов Түркия менен Азербайжандын коргоо өнөр жайы кызматташтыгы тармагында алгылыктуу кадамдарды таштаганын, президенттер Режеп Таййип Эрдоган менен Илхам Алиевдин ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелердин эки өлкөнүн карым-катнаштарынын өнүгүүсүндө маанилүү роль ойногонун белгиледи.

Хасанов: «Ата Мекендик согушта (2-Карабах согушунда) колдонулган ASELSAN технологиялары жогорку сапаттуу эле»,- деди.

Жолугушууда заманбап согуш ыкмалары жана Түркия менен Азербайжандын аскердик техникаларын күчтөндүрүү үчүн ишке ашыышкан биргелешкен долбоорлор талкууланды.



Тектеш кабарлар