Өзбекстан - Казакстан машыгуусу

Өзбекстандын Афганистан менен чектеш аймагындагы Тирмиз шаарында Өзбекстан менен Казакстандын куралдуу күчтөрүнүн катышуусунда биргелешкен машыгуу өтүүдө.

1736335
Өзбекстан  -  Казакстан машыгуусу

Өзбекстандын Афганистан менен чектеш аймагындагы Тирмиз шаарында Өзбекстан менен Казакстандын куралдуу күчтөрүнүн катышуусунда биргелешкен машыгуу өтүүдө.

Өзбекстандын Коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда Тирмизге жакын полигондо Өзбекстан менен Казакстандын кургактык күчтөрүнүн катышуусунда «Өнөктөштүк-2021» аскердик машыгуусу башталды.

Машыгуунун ачылышында эки өлкөнүн куралдуу күчтөрү катышкан парад өттү.

Салтанатка Өзбекстандын коргоо министринин орун басары Кадиржан Турсунов жана Казакстандын кургактык күчтөрүнүн командири Каниш Абубакиров катышты.

Өзбекстан менен Казакстандын аскердик жетекчилери бул жерде сүйлөгөн сөзүндө эки элдин ортосундагы эзелтеден бери келе жаткан бир туугандык карым - катнаштардын ар тармакта өнүгүп жатканын баса белгилеп, мунун алкагында аскердик  тармактагы карым - катнаштар да акырындап өнүгүп жатканын айтышты.

Жетекчилер Өзбекстан менен Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы өз ара аскердик билим жана тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

24 - ноябрга чейин улана турган биргелешкен машыгууда эки өлкөнүн аскерлери кургактыкта бирдикте кыймыл кылуу  жана душманга каршы күрөшүү, куралдуу бандаларды аныктоо жана зыянсыздандыруу боюнча тажрыйбаларын өркүндөтүшөт.



Тектеш кабарлар