Түркия Өзбекстанда эң көп фирма түзгөн өлкө болду
Түркиядан кийин Орусия 296 фирма менен экинчи, Кытай 219 фирма менен үчүнчү болду.

Түркия Өзбекстанда жылдын биринчи 10 айында эң көп ишкана ачкан өлкө катары катталды.
Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматына караганда, январь-октябрь айларында 321 фирма түзгөн Түркия чет элдик капитал менен эң көп ишкана ачкан өлкөлөрдүн арасында биринчи орунга чыкты.
Түркиядан кийин Орусия 296 фирма менен экинчи, Кытай 219 фирма менен үчүнчү болду. Казакстан капиталы менен 166, Түштүк Корея капиталы менен 80 компания түзүлдү.
Чет элдик ишкерлер өлкөнүн саламаттыкты сактоо, өнөр жай, соода, маалымат технологиялары, курулуш жана айыл чарба тармактарына инвестиция салышты.
1-ноябрдан тарта өлкөдө чет элдик капиталдуу ишканалардын саны 13 миң 283 деп эсептелди жана ушул алкакта орус капиталдуу ишканалардын саны 2 миң 335, кытай капиталы менен түзүлгөн ишканалардын саны 1942, түрк капиталдуу ишканалардын саны 1830, Казакстан капиталдуу ишканалардын саны да 1056 болду.