Бишкек абасы эң көп булганган шаар болду

Бишкек абасы эң көп булганган шаарлардын тизмесинде биринчи орунда турат.

1731187
Бишкек абасы эң көп булганган шаар болду

Кыргызстандын борбор шаары Бишкек абасы эң көп булганган шаарлардын тизмесинде Индиянын Дели шаарын артта калтырып биринчи орунду алды. 

Дүйнөлүк абанын сапаты долбоорунун алкагында станциялык өлчөөлөр жүргүзүлгөн башка шаарларга караганда Бишкектин абасы көбүрөөк булганганы аныкталды.

Абанын булганышы боюнча Индиянын Дели шаары экинчи орунга түшсө, Пакистандын Лахор шаары үчүнчү орунга чыкты. Бул үч шаардан кийин Индиянын Колкута жана Пакистандын Карачи шаарлары турат.

Кыргызстандык экологдор  Бишкектеги абанын булганышы жана тумандын негизги себеби  катары  кыш айларында  үй мештеринен, борбордогу жергиликтүү ТЭЦтен жана автоунаалардан чыккан газдар экенин белгилешүүдө.

 

 

 



Тектеш кабарлар