Илхам Алиев : "Бардык өлкөлөргө вакцинанын жетиши үчүн бирдей шарттар түзүлүшү керек"

Алиев 8 - Глобалдык Баку форумунда сүйлөгөн сөзүндө Азербайжанда Ковид - 19 эпидемиясына байланыштуу абал көзөмөлдө экенин билдирди.

1729356
Илхам Алиев : "Бардык өлкөлөргө вакцинанын жетиши үчүн бирдей шарттар түзүлүшү керек"

Азербайжандын президенти Илхам Алиев дүйнөдөгү вакцина бөлүштүрүүдөгү адилетсиздикке көңүлдөрдү буруп, бардык өлкөлөрдүн вакцинага жетиши үчүн бирдей шарттардын түзүлүшү керектигин айтты.

Алиев 8 - Глобалдык Баку форумунда сүйлөгөн сөзүндө Азербайжанда Ковид - 19 эпидемиясына байланыштуу абал көзөмөлдө экенин билдирди.

Дүйнөдө вакциналарга жетүүдөгү адилетсиздикке көңүл бурган Алиев: "Айрым өлкөлөр 3 - дозаны колдоно баштаса, кээ бир өлкөлөр биринчи дозасын алып бүтө  элек. Вакцина алуу үчүн бардык мамлекеттерге бирдей шарттар түзүлүшү керек",- деди.

Алиев былтыркы 2 - Карабах согушуна токтолуп : «Карабах маселеси чечилди. Бул маселени Азербайжан жалгыз чечти. Азербайжан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдерин өзү ишке ашырды. Тилекке каршы бул чечимдер 27 жылдан бери кагаз жүзүндө калды. Эгерде өзүбүз аракет кылбаганыбызда дагы 27 жыл кагаз жүзүндө калмак. Биз эл аралык мыйзамдан жаралган укуктарыбызды колдонуп, жерлерибизди оккупациядан куткардык»,- деди.

Эл аралык мекемелердин, согуштан мурда Армения башкаруусунун чагымчылдык маалыматтарына үн чыгарбагандыгын, Армениянын оккупациясы мезгилинде Азербайжанга таандык отурукташуу жерлерин кулатып, талоонго алгандыгын эске салган Алиев буларды белгиледи : «Биз азыр оккупациядан бошотулган жерлерди калыбына келтирип жатабыз. 1 миллиондон ашык тектештерибизди өз жерлерибизге кайтарабыз. Биз Арменияга тынчтык келишимин сунуштадык. Бирок азырынча жооп ала элекпиз. Чек араларды тактоо жана чийүү иштерин баштоону сунуштаганбыз. Бул маселеге да азырынча жооп келе элек. Азербайжан максималдуу конструктивдүү мамилени көрсөтүп жатат. Бардыгы Армениянын позициясына жараша болот. Биз тынчтык келишиминин үстүндө иштөөгө, тынчтыкка кол коюуга жана жаңы  барак ачууга даярбыз».



Тектеш кабарлар