Президент Садыр Жапаров Рифат Хисаржыклыоглуну кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Түркиянын Палаталар жана биржалар биримдигинин төрагасы Мустафа Рифат Хисаржыклыоглуну кабыл алды.

1726918
Президент Садыр Жапаров Рифат Хисаржыклыоглуну кабыл алды
CAPAROV-HİSARCIKLIOĞLU 2.jpg

Президент Садыр Жапаров Түркиянын Палаталар жана биржалар бирлигинин (TOВВ) төрагасы Мустафа Рифат Хисаржыклыоглуну кабыл алды.

Соода-экономикалык кызматташтыктын жана маанилүү долбоорлорду ишке ашыруунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун башында Мамлекет башчысы Түркия Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш гана эмес, боордош мамлекет экендигин белгилеп, тараптар туура 30 жыл мурун түптөлгөн мамлекеттер аралык катнаштардын мыкты салттарын улантып жатканын кошумчалады.

Ал кыргыз-түрк саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгарына үмүт артты. 

Садыр Жапаров ноябрь айында Стамбул шаарында пландалып жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 8-жыйынынын алкагында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушууну пландап жатканын белгиледи. 

Өз кезегинде ТОВВ төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу чакырууга ыраазычылык билдирип, мамлекет башчысына Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын жылуу саламын жолдоп жана Кыргызстанды эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктады. 

Рифат Хисаржыклыоглу түркиялык инвесторлордун кызматташууга жогорку кызыгуусун жана Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди.

Булак: КР Президентинин сайты

 



Тектеш кабарлар