Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, кечээ, 25-октябрда, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
1724992
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, кечээ, 25-октябрда, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Телефондук сүйлөшүү жүрүшүндө Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди 24-октябрда өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап жана бекем ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Өзбекстандын боордош элине – тынчтык, бакубаттуулук жана гүлдөп өнүгүү каалады.
Мындан сырткары, мамлекет башчылары эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, эки өлкөнүн ортосундагы мындан аркы кызматташтыктын келечектерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн маселелерин талкуулашты.