Өзбекстанда өткөн президенттик шайлоодо Мирзиёев жеңди

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Зайниддин Низамхожаев кечээ өткөн шайлоодо шайлоочулардын 80,1 пайызынын добушу менен президент Шавкат Мирзиёев президент болуп кайра шайланганын маалымат жыйынында билдирди.

1724637
Өзбекстанда өткөн президенттик шайлоодо Мирзиёев жеңди

Өзбекстанда өткөн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Либерал-демократиялык партиядан кайрадан талапкерлиги көрсөтүлгөн Шавкат Мирзиёев 80,1 пайыз добуш алды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Зайниддин Низамхожаев кечээ өткөн шайлоодо демократия эрежелерине, улуттук мыйзамдарга жана эл аралык укуктун нормаларына ылайык шайлоочулардын 80,1 пайызынын добушу менен президент Шавкат Мирзиёев президент болуп кайра шайланганын маалымат жыйынында билдирди.

Өлкөдө добуштарды саноонун аяктаганын белгилеген Низамхожаев өлкө боюнча жалпы 16 миллион 212 миң 343 шайлоочунун добуш бергенин, бул тизмеге кирген шайлоочулардын 80,4 пайызына туура келгенин айтты.

Өзбекстанда кечээ өткөн шайлоодо жаңы президентти аныктоо үчүн добуш берилди.

Мыйзамга ылайык президенттикке талапкерлерди саясий партиялар гана көрсөтө алган шайлоодо; Экология партиясынан Нарзулла Обломурадов, Элдик демократиялык партиядан Максуда Ворисова, «Улуттук прогресс» демократиялык партиясынан Алишир Кадыров, «Акыйкат» социал-демократиялык партиясынан Бахром Абдухалимов жана Либерал-демократиялык партиядан кайрадан президент болуп шайланган Шевкет Мирзиёев ат салышты.

Президент 5 жылдык мөөнөткө шайланган Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, шайлоодо жеңишке жетүү үчүн каалаган талапкер добуштардын жарымынан көбүн алышы керек. Болбосо шайлоонун экинчи айлампасында эң көп добуш алган эки талапкер ат салышат.

2016-жылы сентябрда өлкөнү 27 жыл башкарган биринчи президент Ислам Каримов каза болгондон кийин, ошол эле жылдын декабрь айында өткөн мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Мирзиёев үч атаандашынан озуп чыгып 88,61 пайыз добуш менен жеңишке жетишкен.



Тектеш кабарлар