Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүп жатат

Өлкө боюнча катталган 21 миллион 266 миң шайлоочу добуш бере алат.

1723970
Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүп жатат

Өзбекстанда эл өлкөнү 5 жыл башкара турган жаңы президентти аныктоо үчүн шайлоого барууда.

2016-жылдын сентябрь айында өлкөнү 27 жыл башкарган биринчи президент Ислам Каримов каза болгондон кийин, ошол эле жылдын декабрында мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодон кийин биринчи жолу президенттик шайлоо өткөрүлүүдө.

Өлкө боюнча катталган 21 миллион 266 миң шайлоочу добуш бере алат.

Мыйзамга ылайык президенттикке талапкерлерди саясий партиялар гана көрсөтө алат. Шайлоодо Экология партиясынан Нарзулла Обломурадов, Элдик демократиялык партиясынан Максуда Ворисова, Улуттук прогресс демократиялык партиясынан Алишир Кадыров, Адилеттүүлүк социал-демократиялык партиясынан Бахром Абдухалимов жана Либерал-демократтар партиясынан кайрадан президенттикке талапкер Шавкат Мирзиёев ат салышууда.

Мыйзам боюнча шайлоочулардын саны 33 пайыздан ашса шайлоо өттү деп эсептелет. Кайсы бир талапкер шайлоодо жеңишке жетиши үчүн ал добуштардын жарымынан көбүн алышы керек. Болбосо шайлоонун экинчи айлампасында эң көп добуш алган эки талапкер ат салышат.



Тектеш кабарлар