Азербайжан менен Түркиянын биргелешкен аскердик машыгуусу уланууда

Машыгууда аскердик бөлүктөр согушка даярдык тапшырмаларын аткарып жатышат.

1715576
Азербайжан менен Түркиянын биргелешкен аскердик машыгуусу уланууда

Азербайжан менен Түркиянын ортосунда "Бекем бир туугандык 2021" аттуу биргелешкен аскердик тактика машыгуусу Нахчыванда уланууда.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, эки өлкөнүн куралдуу күчтөрү машыгуу сценарийине ылайык өз ишмердүүлүгүн улантууда.

Машыгууда аскердик бөлүктөр согушка даярдык тапшырмаларын аткарып жатышат.

Азербайжан менен Түркиянын куралдуу күчтөрү душмандын позициясына жашыруун жакындоо ыкмаларын колдонуп биргелешкен аракеттерди аныкташууда.

Атайын чабуул топтору менен душмандын позицияларына жакындоо, душмандын оптикалык түзүлүштөрүнөн жана ок чыгарууларынан качуу маневрлары жасалууда.

Согуштук учактар, аскердик техникалар жана чабуулчу тик учактар катышкан машыгууда учкучтардын маневрлери жана машыгуу учуулары жүргүзүлүүдө.

Машыгуу 8-октябрда аяктайт.



Тектеш кабарлар