Түркия менен Азербайжан биргелешкен аскердик машыгуу баштады

"Бекем бир туугандык 2021" деп аталган машыгууга Түркиядан катыша турган аскерлердин бир бөлүгүнүн Нахчыванга барганы кабарланды.

1708374
Түркия менен Азербайжан биргелешкен аскердик машыгуу баштады

Түркия менен Азербайжандын куралдуу күчтөрү Нахчыван Автономиялуу Республикасында биргелешкен аскердик машыгуу баштады.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, "Бекем бир туугандык 2021" деп аталган машыгууга Түркиядан катыша турган аскерлердин бир бөлүгүнүн Нахчыванга барганы кабарланды.

Бул жерде Түркиянын улуттук гимни менен Азербайжандын гимни аткарылгандан кийин туу алмаштырылды. Тууну тапшыруу аземинен кийин болсо аскерлер жана машыгууда колдонула турган зооттолгон унаалар конвой түрүндө Нахчывандагы аскердик бөлүктөргө карай бет алышты.

Түркиядан барган аскерлер Нахчывандагы аскердик бөлүктөрдө кубанычтуу тосулуп алынды.



Тектеш кабарлар