Азербайжан Арменияга каршы сот ишин баштайт

Азербайжандын тышкы иштер министрлигинин катчысы Лейла Абдуллаева Эл аралык сотко Арменияга каршы доо арыз менен кайрылаарын билдирди.

1707293
Азербайжан Арменияга каршы сот ишин баштайт

Азербайжандын тышкы иштер министрлигинин катчысы Лейла Абдуллаева "Расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу боюнча эл аралык конвенцияны" бузгандыгы үчүн Эл аралык сотко Арменияга каршы доо арыз менен кайрылаарын билдирди.

Абдуллаева Азербайжандын 2021 -  жыл январь айында Европа Адам Укуктары сотунда Арменияга каршы ачкан доого кошумча катары Армениянын соттолушу үчүн жакынкы күндөрдө  Эл аралык сотко кайрылаарын билдирди.

Азербайжандын жерлеринин бир бөлүгүн Армения мыйзамсыз басып алгандан кийин, азербайжандыктарга каршы адам укуктарынын одоно бузулгандыгы документтештирилгенин белгилеген Абдуллаева, алардын арасында этникалык тегине байланыштуу азербайжандыктарды мажбурлап көчүрүү, кыйноо, өлтүрүү жана катаал мамиле кылуу учурлары камтылганын белгиледи.

Абдуллаева Армениянын оккупациясынын натыйжасында 1 миллиондон ашык азербайжандыктын үйлөрүнөн мажбурлоо менен көчүрүлгөндүгүн жана Азербайжан шаарларынын жер бетинен толугу менен жок кылынганын эске салып, бул сөздөргө орун берди: "Үч тараптуу декларациядан кийин (Россия, Азербайжан жана Армениянын мамлекет башчылары 2020 -жылдын 10 -ноябрында кол коюшкан), Армения азербайжандыктардын үйлөрүнө кайтып келишине тоскоол болуу үчүн  миналардын карталарын берүүдөн баш тартууда. " Расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө эл аралык конвенция" эрежесин бузууну улантты.  Биз конвенциянын жоболорун одоно бузуулар боюнча эл аралык укуктун чегинде адилеттүүлүктү түзөбүз".

Бир тараптан да Эл аралык сот Армениянын "Расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу боюнча эл аралык конвенцияны" бузгандыгы үчүн Азербайжанга каршы доо арыз бергенин жарыялады.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар